Коронавирустан тогуз адам каза болуп, 840 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

5-августка карата Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 840 жаңы учуру катталып, тогуз адам каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары – 476;
  • Чүй облусу – 131;
  • Жалал-Абад облусу – 78;
  • Ысык-Көл облусу – 54;
  • Баткен облусу – 42;
  • Ош облусу – 31;
  • Нарын облусу – 11;
  • Талас облусу – 9;
  • Ош шаары – 8.

Ошондой эле өткөн суткада 1 550 бейтап ооруканадан айыгып чыкты — айыккандардын жалпы саны 152 402 адамды түздү. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 167 076 адам коронавирус жуктуруп, 2 372 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө 3 306 бейтап ооруканаларда, 7 629 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.