Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери шайлана турган күн белгилүү болду

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августта өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 24.kg агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар мэрин дайындоо шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу өтөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 2-августтагы буйругу менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми Бишкек мэринин милдетин аткарууга президенттин иш башкаруучусу Алмаз Мамбетов келген.

2021-жылы 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештерди кайра шайлоо өткөн. Аталган үч шаарда буга чейин өткөн шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулардын айынан жокко чыгарылган болчу.