Эркин Осоев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды

Эркин Осоев

Президент Садыр Жапаров транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиеваны ээлеген кызматынан бошотуп, анын ордуна Эркин Осоевди дайындады.

Абдралиева башка кызматка дайындалганына байланыштуу бошотулду. Ал 2021-жылдын февраль айында президент Жапаровдун буйругу менен министр болуп дайындалган.

Осоев Транспорт жана коммуникация министрлигинде 2006-жылдан бери иштеп келген. Ал 2016-жылы министрдин орун басары болуп дайындалган. Ал эми 2017-жылдан тарта Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашырган топтун директору болгон.