«Милдет». Өлкөдө алгачкы юрист-бот ишке кирди — ал алимент жана карыздарды өндүрүп берет

Адвокат Фатима Якупбаева Кыргызстанда биринчи жолу карыз тууралуу тил катын жана алимент өндүрүүгө арыз жазууга жардам бере турган Telegram-бот иштеп чыкты. Бот «Милдет» деп аталат, кыргыз жана орус тилдеринде иштейт.

Якупбаеванын айтымында, Кыргызстанда калкка укуктук жардам көрсөтүү багытында онлайн-сервистер дээрлик өнүккөн эмес. Юридикалык жардам көбүнчө оффлайн режимде, анан адатта акы төлөнүп жүргүзүлөт.

«Юридикалык консультацияга муктаж, бирок юридикалык кеңештин акысын төлөгөнгө каражаты жетпеген адамдар тез арада, көп күч жумшабай эле суроолоруна жооп ала турганга мүмкүнчүлүгү болушун каалайт элем», — дейт адвокат.

Виртуалдык юрист жеке ишкерди каттоого алганды, кантип алимент өндүрүүнү билет жана салык, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча кеңеш бере алат.

Фатима Якупбаева деген ким?

Фейсбуктан алынган сүрөт.

Фатима Якупбаева — адвокат, корпоративдик юрист. Ал медиация менен алектенет жана эки эл аралык третей сотунда арбитраждык кылат.