Ош: Өзгөндө майып адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

9-августта Ош облусунун Өзгөн районунда майыптыгы бар жаранды унаасы менен коюп, окуя болгон жерден изин жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 8-августта күндүзгү саат 11:45 чамасында болгон. 50 жаштагы майып арабада бара жаткан жаранды артынан келе жаткан белгисиз айдоочу коюп кеткен. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген.

Шектүү катары 9-августта Өзгөн районунун 46 жаштагы тургуну кармалып, Өзгөн РИИБне жеткирилген. Ал эми унаасы айып короого токтотулган.

Факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды.