Эми кардардын банктык маалыматы купуя болбойт. Салык кодексине түзөтүү сунушталды

Кыргызстандын банктар союзу фейсбук барагында Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине «банктын кардарлары тууралуу дээрлик бардык маалыматты» ачыктоого жол ачкан түзөтүүлөрдү сунуштап жатканын билдирди.

Союздун маалыматына ылайык, өзгөртүүлөрдү Кодекстин салык кызматы органдарынын банк менен биргелешкен аракети тууралуу 126-беренесине киргизүү сунушталууда.

Кодексте эмнени өзгөртүүнү сунуштап жатышат?

МСК 126-берененин бир нече пунктун өзгөртүүнү сунуштап жатат. Негизинен кеп тийиштүү окуядан кийин үч жумушчу күндүн ичинде эсептерди ачуу же жабуу, салымдар, эсептердин ревизиттеринин өзгөртүлүшү жана салык төлөөчүлөрдүн салымы тууралуу маалыматты берүү тууралуу болууда.

Пайдалануудагы Кодекске ылайык, салык кызматы бул маалыматты сот чечиминен кийин гана ала алат. Азыр болсо мекеме аны сот чечими жок алгысы келип жатат.

Салык кызматы кардарлардын эсептери аркылуу жүргөн бардык операциялар менен эсептин азыркы абалы тууралуу маалыматтарды дагы соттун чечими жок эле алууну көздөп жатат.

Салык кызматынын сунушуна ылайык, бул маалыматтарды «жүйөөлүү себеп менен сураса» соттун чечимисиз эле берүү керек.

Кодекстин пунктун салык кызматы сурап ала турган документтердин тизмеси менен дагы толуктоо сунушталып жатат.

Салык кызматы сот чечими жок дагы эмнени алгысы келет?

Дагы ондон ашык документти. Алар:

  • банкта салымдардын (депозиттердин), эсептердин бар-жогу тууралуу маалымдама;
  • эсептерде, салымдарда (депозиттердеги) акча каражаттардын (баалуу металдарддын) калдыгы тууралуу маалымдама;
  • эсептер боюнча операциялар, салымдар (депозиттер) тууралуу маалымат;
  • акча каражаттарын алууга (пайдаланууга) укуктуу адамдардын паспортторунун көчүрмөсү, акча каражаттарын алууга (пайдаланууга) ишеним каттар;
  • эсепти ачуу, жүргүзүү жана жабуу боюнча мамилени аныктаган документтердин көчүрмөсү;
  • кардарларды тейлөө үчүн келишимдердин көчүрмөлөрү;
  • кардардын эсепти ачууда берген документтеринин көчүрмөлөрү жана маалыматы, кол тамгалардын үлгүсү түшүрүлгөн карточкаларды жана мөөрдүн оттискасы (изи);
  • эсептин бенефициардык ээси (анын ичинде банктын бенефициарды идентификациялоодо алган маалыматы) тууралуу маалымат, пайда алуучулар, кардардын өкүлү тууралуу маалыматтар.

МСК банктардын салык кызматына маалымат жөнөтүү тартибин, формасын жана форматын министрлер кабинети Улуттук банк менен биргеликте бекитүүсүн сунуштап жатат.

Салык кызматы кайсы учурда «жүйөөлүү себеп менен сурам жөнөтөт»?

Мындай сурам жөнөтүүгө төмөнкү учурлар негиз боло алат:

  • салык көзөмөлүн ишке ашырууда кошумча маалыматтын зарылдыгы;
  • салыктарды өндүрүү, эсеп операцияларын токтотуп туруу (же жокко чыгаруу) операциялары, электрондук акча каражаттарын которууну токтотуп туруу же (же жокко чыгаруу).

Ушундай эле сурамды башка өлкөнүн органы дагы атайын сурам жөнөтүү аркылуу алуусуна жол берүү сунушталууда. Ошондой эле, банктын кардарлары ага карата салыктык текшерүү жүрүп жаткан адам менен келишимдердин катышуучусу болсо маалыматтар берилет.

Акыркы пункт менен Мамлекеттик салык кызматы жеке жактардын Улуттук банк өз функцияларын аткарып жаткан убакта алынган «жеке маалыматтарын, банктык купуялуулугун камтыган документтер менен маалыматтарын» салык кызматына берип турууну сунуш кылууда.

«Документтер менен маалыматтардын тизмеси, ошондой эле аларды салык кызматына берүү тартиби Улуттук банк менен Ыйгарым укуктуу салык кызматынын макулдашуусу менен аныкталат», — деп айтылган билдирүүдө.

Салык кодексин толугу менен кайдан көрсөм болот?

Эч жерден. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу Кыргызстандын банктар союзу айтып чыкпаганда, балким, бул билинбей деле калмак. Документтин өзү азырынча коомдук талкууга чыгарыла элек.Бирок Салык кодексинин болочоктогу жаңы редакциясын минкабда үстүбүздөгү жылдын июлунда талкуулашканы белгилүү. Бул тууралуу экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.

22-июлдагы жыйында маморгандар менен бизнес-коомчулук салык мыйзамдарындагы боштуктарды жоюу, салык текшерүүлөрдү оптималдаштырууну жана атайын салыктык режимдерин жакшыртуу боюнча алдын ала жыйынтыктарды карашкан.

«2021-жылдын 26-30-июлдарында бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик органдарынын жана президентттик администрациянын катышуусу менен Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун техникалык жана ченем жаратуу боюнча жол-жоболоштуруунун көчмө иш-чарасы өткөрүлдү», — деп белгиленген билдирүүдө.

Ошондой эле, ведомствонун басма сөз кызматы көчмө жыйындын аягында «жаңы редакция боюнча алдын ала долбоор» даярдалганын белгилеген. Анын тексти ошол бойдон жарыяланган эмес.