"Талибандын" мүчөлөрү Кабулдагы эл аралык аэропорттун алдында. Сүрөт: Reuters

15-августта «Талибан» кыймылы Кабулга бастырып кирип жалпы Ооганстанды өз көзөмөлүнө алганын жарыялады. Өлкөнүн президенти Ашраф Гани «кан төгүүгө жол бербөө максатында Ооганстандан чыгып кетүүгө мажбур болду.

Учурда кыргызстандыктарда «талибдер Кыргызстанга коркунуч келтирбейби» деген суроо пайда болуп жатат. Бул суроого жооп берүү үчүн эксперттердин пикирин бир жерге чогулттук.


Мурат Бейшенов

«Кыргызстан үчүн коркунучу жок. Качкындар болушу мүмкүн. Бирок алар массалык түрдө Кыргызстанга качып келет деп айта албайм. Анткени, географиялык абал качкындардын массалык агылышына тоскоолдук кылат.

Ооганстандагы кырдаалды талкуулаган Бириккен Улуттар Уюмунун жыйыны өтүшү мүмкүн. Албетте, Ооганстандагы кырдаал кооптуу. Талибдер мамлекетти башкарып кетет деп ойлобойм. Аларда мындай тажрыйба жок. Гани америкалыктардын жардамы менен башкарды, кытайлар көмөк көрсөттү. Ал эми азыр талибдер кимге таянат? [...] Алар эми Кытайга, Пакистанга кайрылат», — дейт Коопсуздук боюнча эксперт Мурат Бейшенов.



Орозбек Молдалиев

«Кыргызстанга куралдуу кол салганга “Талибандын” колу бош эмес. Экинчиден Борбор Азияны ооган ислам эмирлигине кошобуз деген максаты деле жок. Андыктан кол салып жиберет деген кооптонуу жок. Бирок “Өзбекстан ислам кыймылынын” күчү кетип калганы менен, алардын адамдары бар. Тажикстандык “талибдер” бар. Алар азыркы расмий бийликти кулаткысы келишет. Мындан тышкары алардын саясатын колдогон күчтөр Кыргызстанда да жок эмес. Алар демократия, Конституциядан баш тартып халифат кургусу келишет. “Талибандын” жеңиши аларды жандантып койду. Ошон үчүн мамлекет диний саясатты бекемдеп, ушул жаатта иш алып барыш керек», — деген пикирде Дин иштери боюнча комиссиянын экс-төрагасы Орозбек Молдалиев.



Нурбек Муктаров. Сүрөт: BBCнин сюжетинен скрин жасалды

«Талибдер “сот чечими аркылуу кишилерди таш баранга алып, сот чечими аркылуу кишилердин колу-бутун кесип турабыз” дейт. Биз аларды “мурдагыдай талибандар эмес, убакыт өттү, дүйнөнү, эл аралык коомчулукту жана мыйзамдарды таанып калган адамдар деп ойлоп жатканбыз”. Бирок булар кайра эле мурдагыдай аракеттерди кылып жатышат. Ооганстанда кайрадан радикалдуу ислам орун ала баштады.

Бирок Кыргызстанда мындай нерсе болот деп ойлобойм. УКМК жакшы эле иштеп, акыркы жылдары көп эле кыймылдарды издеп таап, бөгөт коюп жатат. Анткен менен Кыргызстанда “уктап жаткан” кыймыл мүчөлөрү бар экенин да тана албайбыз. Менин оюмча кандайдыр бир кырдаал жаралат, бирок анчалык деле курч болбойт», — дейт эл аралык эксперт Ооганстанда эки жыл эмгектенген Нурбек Муктаров.



Кадыр Маликов

«“Талибан” акыркы 20 жылда өзгөрдүбү? Бул суроо азыр баарын тынчсыздандырып жатса керек. Буга так жооп азырынча жок. Талибдер өздөрү өзгөргөнүн, көп нерсени үйрөнгөнүн көрсөткүсү келип жатат. “Талибан” 2021 — бул 1998-2001-жылдардагыдай эмес. Жаңы муун, жаңы саясий-экономикалык абал келди. Маалыматтын жана технологиянын заманы өз түзөтүүлөрүн киргизип жатат. Талибанды жалаң гана сабатсыз “фанаттар” башкарат деп ойлобош керек. Кыймылды азыр жогорку окуу жайларды бүткөн сабаттуу кишилер башкарат. Чет өлкөлөрдөн билим алган жаш, жаңы кадрлар да бар», — деген ойдо муфтийдин мурдагы орун басары, белгилүү теолог Кадыр Маликов.



Марат Иманкулов

«Кандайдыр бир экстремисттик күчтөр ушул кырдаалдан пайдаланып Баткендеги чек ара маселесин курчутабыз десе, анда биз ага жол бербегенге аракет кылабыз. Биздин укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү ушундай варианттарга да даярдыктарды көрүүдө. Мен өткөндө Баткенге барып келгем. Жоокерлердин маанайы жакшы. Кооптонууга негиз жок. Ооганстандагы кырдаал ошол өлкөгө гана тиешелүү. Болгону, качкындар боюнча маселе жаралышы мүмкүн. Алар деле Ооганстан менен чектеш өлкөлөргө келиши айтылып жатат. Бизге келе турган болсо даярдыктарды көрөбүз», — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.


*1999-жылы Тажикстандан Баткен районунун Зардалы айылына күтүүсүздөн Өзбекстандын Ислам кыймылынын 200дөй согушкери кирип келген. Алар өзбек президенти Ислам Каримовду кулатуу үчүн Кыргызстандын чек арасы аркылуу Өзбекстанга өтүүнү көздөшкөн.

Алар Кыргызстандын бир нече айылдарын басып алып, 20га жакын киши барымтада калган. Бул окуяларда расмий маалымат боюнча 54, бейрасмий маалымат боюнча 78 киши каза болгон. Баткен экстремисттерден дээрлик эки айдан кийин тазаланган. Окуянын хронологиясын төмөнкү материалдан окуй аласыздар: «Сакалчандар»

«Талибан» радикалдуу ислам кыймылы

Сүрөт: Noorullah Shirzada

«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, аны 2016-жылдан бери Хибатулла Ахундзада жетектейт. Талибдер Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарган. Алардын бийлигинин тушунда адам укуктары, айрыкча кыз-келиндердин укугу басмырланган.

Оогандар талибдер «шарият мыйзамдарына таянып жарандарды сот өкүмүсүз эле өз алдынча жазалайт» деп кооптонушууда.

АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү 2001-жылы Нью-Йоркто үч миңдей кишинин өмүрүн алган террордук чабуулдардан кийин Ооганстанга кирген — анткени талибдер бул чабуулду уюштурууга шектелген «Аль-Каида» кыймылына башпаанек берүүгө айыпталган.

Коалиция күчтөрү Ооганстанга киргенден көп өтпөй талибдердин бийлиги кулаган. Бирок үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта АКШ баштаган эл аралык коалиция аскерлерин Ооганстандан чыгарып кете баштаган. Мындан улам «Талибан» дагы да күчтөнүп, 20 жылдык согуштан кийин бийликти басып алды.

«Талибандын» аскерлери радикалдуу мүнөздөгү аракеттери менен эле эмес, башка дагы террористтик топторго тиешеси бар экени менен дагы белгилүү. Ал эми «Талибан» Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик уюм деп табылган.