Материалдын түп нускасы «Т-Медиа» сайтында жарык көргөн.

Оштун вице-мэри Жасур Азимов мамлекеттик сатып алууларга катышып, акыркы беш жылда 36,2 миллион сомдук тендерди уткан. Бул жылдары Азимов окутуучу, депутат жана вице-мэр кызматтарын аркалап келген.

“Т-Медиа” чиновниктин ишмердүүлүгүн иликтеп, анын миллиондогон тендерлерди мыйзам бузуу менен жеңип келгенин аныктады.

Миллиондук тендерлердин жеңүүчүсү

Жасур Азимов 1999-2010-жылдары Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде экономика адистиги боюнча окутуучу болуп иштеп келген.

2014-жылы Ош-Модерн жоопкерчилиги чектелген коомун негиздеп, мамлекеттик сатып алууларга катыша баштаган. Ал 2016-жылдын 25-апрелинде «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.

Азимов шаардык кеңешке депутат болуп келген соң, Ош мэриясынын муниципалдык ишканалары өткөргөн тендерлерге катышып, 6 миллион 847 миң 177 сомдук тендерди уткан.

Мындан сырткары Азимов депутаттык кызматты аркалап, Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн сынактарына бир канча жолу катышып, 8 миллион 790 миң 946 сомдук тендер уткан.

Ал 2018-жылдын 17-октябрында Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалган. Кызматка киришкенден кийин дагы Киров атындагы орто мектептин кошумча иштерине деп 100 миң сомдук тендерди түз келишим аркылуу утат.

Мыйзамдын тебелениши

Жасур Азимовдун Ош-Модерн фирмасы тендерге катышканы мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга каршы келет. Анткени кызыкчылыктар кагылышы деген 6-беренеде сатып алуучу мекеменин кызматкери аткаруучу же жеткирүүчү катары катыша албай турганы же алар менен биригишкен кызыкдар адам болбошу керектиги так көрсөтүлгөн.

Бизнесин мурдагы кесиптеши жана тууганына каттаган

Ош-Модерн ЖЧКсы 2019-жылдын 19-июлунда кайрадан каттоодон өтүп, Тургунов Абдурашид Махаммаджановичке катталат.

Кыргыз-Өзбек университетинин сайтындагы маалыматка ылайык, Тургунов Абдурашид Махаммаджанович бул окуу жайдын окуу-тарбия иштери боюнча декандын орун басары кызматын аркалайт.

Жасур Азимов саясий карерасы башталганга чейин 1999-2010-жылдары дал ушул университетте иштеп кеткен.

Кыргыз-Өзбек университетинин сайтынан Тургунов Абдурашид Махаммаджановичтин номерин алып байланышып көрдүк. Ал Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун жакын тууганы экенин ырастады.

Тургунов Жасур Азимов менен жакын тууган экенинин ырастады. Ал,

Ош-Модерн ЖЧКсы ага юридикалык катталганы менен фирманы вице-мэрдин атасы Махамаджан Азимов иштетип жатканын билдирди.

Эң кызыктуу жагдай мамлекеттик сатып алуулар порталында Ош-Модерн ЖЧКсынын жетекчиси катары ушул тапта дагы Оштун вице-мэри Жасур Азимов көрсөтүлүп турат.

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов депутат болуп турган учурда Ош мэриясынан тендер утканын мойнуна алган жок. Ал курулуш тармагындагы бардык компаниялар депутатардыкы экенин белгилеп, алардын маселесин да көтөрүүнү сунуштады. Бирок алар кайсы депутаттардыкы экенин ачык айтуудан баш тартты.

«Мен ал компанияда негиздөөчү болуп турганмын. Ал атамдын фирмасы меники эмес. Мен депутат болсом дагы мага айлык берилбейт. 2015-жылы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан утканбыз. Шаардан эмес. Мен ошол жерде кызматта туруп, сынактан утсам, тендерди берген ишкана жооп бериши керек. Мен эмес. Тендер өткөргөн ишкана айтыш керек эле. Кечирип коюңуз сиз мыйзам боюнча катыша албайсыз сиз депутатсыз деп айтыш керек эле»,- деди Азимов.

Натыйжалуу иши менен эмес, чуулгандуу жүрүм-туруму менен белгилүү

Жасур Азимов Ош шаарынын муниципалдык менчик жана курулуш тармагын тескөөчү вице-мэр.

16-июлда жеке ишкер Рысбек Эргешов Ош мэриясын сотто жеңип алганын «Т-Медиага» билдирген. Анда вице-мэр Жасур Азимовдун аты да аталган.

Ишкердин айтымында, андан Ош мэриясы эч кандай уруксат албай «обьект авариялык абалда» деген бүтүм менен мыйзамсыз бузган. Ошондуктан сот мэрияга караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын ишкер менен болгон ортодогу келишимди үзүү боюнча буйругун жокко чыгарган.

Жасур Азимов 11-апрелдеги жокко чыккан шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын 49-тизмесинде шайлоого катышты. Бирок аны Ош аймактык шайлоо комиссиясы добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу жана шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылган деген жүйө менен талапкерлигин жокко чыгарды.

2020-жылдын ноябрь айында Башкы прокуратура, вице-мэр Жасур Азимов Ош шаарынын Кең-Сай массивиндеги 25 гектар жерди 2.5 миллион сомго баалап, жеке менчик ишканага мыйзамсыз өткөрүп бергенин аныктаган.

Буга байланыштуу Азимовго карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган.

2019-жылдын август айында вице-мэр Жасур Азимовго мас абалда унаа айдаганы үчүн 17. 500 сомго айыпка жыгылган. Ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.