Сузак: Мугалимдер мектепке ашар жолу менен кошумча имарат куруп жатышат

С.Атабеков атындагы №88 мектептин жамааты фундамент. Видеодон жасалган скрин

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылындагы С.Атабеков атындагы №88 мектептин жамааты ашар жолу менен окуу жайдын жанына пайдубал куруп жатышат.

Социалдык тармактарга тараган тасманын автору мугалимдерге алкыш айтып жатканын угууга болот. Ошондой эле видеодон ашарга көбүнчө аялдар тартылганы, алардын арасында пенсия курактагылары да бар экени байкалат.

«Шерзор, Сахиба азамат! Азаматтар! С.Атабеков мектебинин жамааты азамат да. Динара, туура айтып атат. Алмашып-алмашып тургула, бир эле адамга оор болуп кетет», — деген ал.

Ал эми видеонун астына комментарий жазгандардын бири аталган мектепке балдар батпагандыктан агай-эжейлер аргасыздан кошумча имарат куруп жатышканын айткан.

Облустук администрациянын басма сөз кызматынан «Клоопко» мектептин имараты ашар жолу менен кеңейтилип атканын тастыкташты. Бирок кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылышты.

Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары мектеп жамаатына ыраазычылык билдирип, жергиликтүү бийликти сынга алып жатышат.

Кыргызстанда 2200дөн ашуун мектеп бар, аларда 600 миңдей орун бар. Ал эми окуучуларлын саны 1 миллион 300 миңден ашат. Демек өлкөдө бир орунга жок дегенде эки окуучу туура келет. Ал эми 202 мектептин имараты жараксыз деп табылган. Анткен менен айрымдарында балдар дагы деле окуп жатышат.

Билим берүү министрлигинен тартыштыкты чечүү үчүн өлкө аймагына 600гө жакын мектеп салынышы керектигин айтып келишет. Ал эми окуучулардын санынын нормадан ашыкча болушу мугалимдерге түйшүк жаратат.