«Клооп Медиа» коомдук фонду журналисттер үчүн Ош шаарында дата-журналистика боюнча беш күндүк тренинг өткөрөт. Эгерде сиз окуяларды жөн эле чагылдырбай, маалыматтарды анализдеп, андан жыйынтык чыгарып, инфографика менен окурмандарга жеткиргиңиз келсе бул курс сиз үчүн.

Аталган тренингде сиз төмөнкү суроолорго жооп таба аласыз:

  • Дата-журналистика деген эмне?
  • Кандай темаларда макала даярдаса болот?
  • Маалыматтарды кайдан алам?
  • Гипотеза кандай түзүлөт?
  • Маалыматтарды кантип анализдейм?
  • Инфографиканы кантип түзөм? (визуализация)
  • Дата-материалдарды кандай форматтарда даярдаса болот?

Тренинг 13-сентябрдан 17-сентябрга чейин өтөт. Катышуучулардын жанында сөзсүз ноутбук болушу шарт. Анткени тренинг практикалык көнүгүүлөрдү камтыйт.

Тренингден соң «Клооптун» редакторлору катышуучуларга дата-материал даярдоодо ментордук жардам көрсөтмөкчү. Материалдар «Клооптун» сайтына да жайгаштырылат.

Катышууну каалагандар 8-сентябрь саат 24:00го чейин онлайн билдирме толтуруп жибериши керек. Уюштуруучулар сизге өзү байланышып, тренингге кабыл алынганыңыз тууралуу кабар берет. Орундар чектелүү.