Борбор Азия 30 жыл мурда эгемендикке ээ болуп, өнүгүп келе жаткан беш өлкөдөн турат. Ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгү бар, бирок аларды бир нерсе бириктирип турат — бул жаштарга арналган окуу программаларында жыныстык сабаттуулукту жоюу үчүн атайын багыттын жоктугу.
Орто Азия өлкөлөрүндөгү мектептерде жана университеттерде сексуалдык билим берүү сабактары жок — бул темага ашыкча эле тыюу салынган. Мындай сабактардын зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн сайын чыр-чатак чыгат. Аймактагы өлкөлөрдө калыптанган коомдук пикирге ылайык, мындай нерселер жөнүндө сүйлөшүү «шермендечилик» же «уят».
Бирок жыныстык жашоо тууралуу айрым маалыматтар мектеп программасына киргизилген күндө деле дайыма эле туура маалымат эмес — мисалы, Өзбекстанда биология сабагына арналган окуу китептеринде ВИЧ кантип жуга турганы боюнча туура эмес маалыматтарды табууга болот.
Анан калса, балдарга сексуалдык билим берүү, репродуктивдик саламаттыктан баштап, кадимки гигиена эрежелерин үйрөтүү дагы ата-энелердин милдети деп саналат. Бирок, ата-энелер дагы дайыма эле жетиштүү деңгээлде маалыматка ээ эмес.
Андыктан өспүрүмдөр жана жаштар жыныстык катнаш, бойго бүтүрбөөчү каражаттар, кош бойлуулук, төрөт, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар, ВИЧ инфекциясы, сарык, жыныс органдарынын түзүлүшү жана алардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө комплекстүү билимге ээ боло алышпайт.
Өспүрүм курактагы пландалбаган эрте кош бойлуулук жана бойдон алдыруу, алдыда боло турчу репродуктивдик ден соолук көйгөйлөрү, жыныстык жол менен жугуучу оорулар — көп жылдык «уяттын» жагымсыз кесепеттеринин бир чети эле.
Учурда ВИЧ эпидемиясы тездик менен тарап жаткан аймактардын бири — Борбордук Азия. Бул тууралуу дүйнө жүзү боюнча ВИЧ жана СПИД эпидемиясы менен глобалдык денгээлде күрөшкөн БУУнун ЮНЭЙДС уюмунун 2020-жылдагы глобалдык СПИД эпидемиясы боюнча докладында айтылган.
Жаштар арасында ишенимдүү билимдин ордун ар түрдүү уламыштар, мифтер ээлеген. Секске байланышкан мифтердин эң популярдуусун аныктоо үчүн журналисттин жеке аккаунту аркылуу сурамжылоо жүргүздүк.
Анын аудиториясын Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанда жашаган 18-30 жаштагы адамдар түзөт. Бул тууралуу жүзгө жакын адам байланышка чыгып, мурда өздөрү ишенип жүргөн, чыныгы жашоодо жана форумдарда кездештирген мифтер тууралуу айтып беришти.
Анда төмөнкү бир нече суроо камтылган: «Секс тууралуу көбүнчө кандай мифтерди уктуңуз эле?», «Секс тууралуу кандай мифтерге кабылгансыз жана кайсы мифке өзүңүз да ишенип жүрдүңүз эле?». Биз эң көп кездешкен жоопторду тандап алдып, Борбор Азиядагы секс жөнүндөгү мифтерди тизмектедик дагы алардын чын-төгүнүн ачыкка чыгардык.
«Эмне кылууну билбесе, порнодон үйрөнүп алса болот»
Миф жана анын кесепети: Сексуалдык билимдин жоктугу менен порнографиянын жеткиликтүүлүгүнөн улам — секс кандай болушу керек экенинин көрүнүктүү мисалы болуп да порно фильмдер эсептелет.
Өзбекстандык жигит өзүнүн тажрыйбасы жана өспүрүм кезинде досторунун арасында мындай пикир кандайча жайылганын айтып берди.
«Жигиттер көп нерсени порнодон үйрөнүшөт. Эркектер арасында бардыгын мурдатан эле өзүң билишиң керек деген түшүнүк жашайт — достор, тааныштардын баары эле ошондой ойдо жүрүшчү. Биз өз ара эч нерсе деле талкуулачы эмеспиз, болгону ар бирибиз эмне кылуу керек жана кантип деген суроого баш катырып, түшүнүүгө аракет кылчубуз», — деген ою менен бөлүштү Икром (аты өзгөртүлдү)
Чындык: Иш жүзүндө порно видеолор секс тууралуу туура эмес түшүнүктөрдү бекемдейт: ыңгайсыз, адамдар аткарууга мүмкүн болбогон позаларды чагылдырат. Өзүн актёрлорго салыштыруу менен адамда жыныс мүчөсүнүн өлчөмүнө, формасына байланыштуу комплекстер пайда болушу мүмкүн.
Үзгүлтүксүз порно көрүү көз карандылыкка алып келиши ыктымал, андан арылууга психотерапевт гана жардам бере алат.
Ошондой эле, порнографиядагы секс орой жана реалдуу эмес. Көбүнчө порно актёрлор өздөрү да видеолор чындыктан алыс экенин интервьюларында айтып келишет.
«Нике түнү шейшеп кан болбосо — уят»
Миф жана анын кесепети: Бул миф азыркыга чейин сакталып келген кыздык белгисине байланыштуу. Кыздык белги түшүнүгү эркектердин да, аялдардын да сексте тажрыйбасы жок экенин билдирет. Бирок учурда никеге чейинки милдеттүү кыздык белги түшүнүгү негизинен аялдарга карата колдонулат.
Борборазия өлкөлөрүндө кыздардын никеге чейинки сексуалдык тажрыйбасы стигматизацияланган. Көпчүлүк учурда, эгерде кыз турмушка чыкканга чейин жыныстык катнашта болсо, ал кыздык белгисин калыбына келтирүү үчүн операция жасатууга аргасыз болот. Мындай жол менен ал кыздык белгисине карата текшерүүдөн өтө алат, анкени Борбор Азияда кыздын «баалуулугун» дагы деле ушул аркылуу аныкташат.
Алгачкы нике түндөн кийин бала менен кыздын туугандары шейшептин кан болбогонун байкап, уулун үйлөгөн тарап жаңы келинден баш тарткан учурлар аз эмес. Кыздын үйүнө кайтып баруусу да кыйын — аны уяткарып жемелешет.
БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы, «БУУнун Аялдары» жана Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму 2018-жылдан бери гендердик дискриминациядан улам кыздык белгини текшерүүнү алып таштоого чакырып келет. Ошондой эле, мындай текшерүү аялдардын жана кыздардын психикалык жана физикалык ден соолугуна терс таасирин тийгизип, ал тургай өз жанын кыйганга чейин алып барышы мүмкүн.
Чындык: Гимен, вагиналдык таажы, кыздык чел — мунун бардыгы кындын кире беришинде жайгашкан былжыр ткандар катмарынын аталышы. Анын бир же бир нече тешиги болот жана ал аркылуу этек кир бөлүнүп чыгат.
Вагиналдык таажы ар түрдүү түзүлүштө болот, анын чоюлчаактыгы да ар түрдүү, андагы кан капиллярларынын саны да ар башка. Алгач ирет жыныстык катнашка барганда канайбы же канабайбы ушуга жараша болот.
Швециянын сексуалдык билим берүү ассоциациясы 2013-жылы гимен (кыздык чел) тууралуу буклет чыгарган.
Изилдөөчүлөр белгилегендей, мурда «айрылат», «жарылат» же «жоголот» деп саналган былжыр чел өмүр бою аял менен каларын белгилешкен. Сөзсүз түрдө эле биринчи жыныстык катнаштан соң кан чыга бербейт, анткени ар кимдин физиологиясы ар башка.
Китепче аялзатынын кыздык белгисине болгон салттуу мамилени өзгөрттү. Ал жетиштүү денгээлде популярдуулукка ээ болуп, англис, араб жана башка бир нече тилдерге которулган. Деген менен, Борбор Азияда келиндин кыздык белгиси, шейшепте кандын болушу азыркыга чейин текшерилип келет.
«Биз аналдык жана оралдык секс менен гана алектенебиз, презервативдин эмне кереги бар?»
Миф жана анын кесепети: Презерватив вагиналдык жыныстык катнаш үчүн гана керек, ал эми оралдык жана аналдык секс үчүн кереги жок деген миф никеге чейин кыздык челди сактоо практикасы менен тыгыз байланыштуу.
Өнөктөштөр кыздык челди сактоо максатында, терс кесепети болбойт деген ойдо, көбүнчө аналдык жана оралдык секс менен алектенишет. Презерватив бойго бүтүрбөө үчүн гана керек деп ойлоп, презерватив колдонбой жыныстык катнашка барышат.
Орто Азияда өспүрүмдөр жана чоң кишилер арасында заманбап бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуунун пайызы өтө төмөн. Аларды көбүнчө кош бойлуу болуп калуудан корккондор тандайт.
Ошондуктан, өнөктөштөр арасында жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу жогору, алар жада калса бул тууралуу маалыматы да жок.
ДССУнун маалыматына ылайык, күнүнө миллионго жакын адам инфекцияны жыныстык жол менен жуктуруп алат. Инфекция вагиналдык гана эмес, оралдык жана аналдык жол менен да жугат. Мисалы, хламидиоз, гонорея, герпес, сифилис — бул оорулардын баары эле тез, оңой айыкпайт.
Мындан тышкары, ВИЧ инфекциясын жуктуру коркунучу жогорулайт — ЮНЭЙДСтин маалыматына ылайык, инфекция аналдык секс учурунда 10 эсе көп жугушу мүмкүн: жоон ичегинин былжыр чели назик келип, кан менен жакшы камсыздалган.
Оралдык секс аркылуу ВИЧти жуктуруу коркунучу вагиналдык секске караганда кыйла төмөн — 10 миңдин 4 учуру. Бирок таптакыр жукпайт деп чечим чыгаруу туура эмес.
Чындык. Презерватив вагиналдык да, оралдык, аналдык да сек учурунда жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан жана ВИЧтен коргонуу үчүн керек.
Кунилингус менен анилингус учурунда презервативди кесип, тосмо коргоочу катары колдонсоңуз болот. Аны кантип жасоону бул жерден көрө аласыз.
ВИЧ, анын алдын алуу жана жугуу жолдору тууралуу ЮНЭЙДСтин сайтынан окусаңыз болот.
«Сууруганга жетиштим, демек менин балам эмес»
Миф: Үзгүлтүккө учураган жыныстык катнаш — өнөктөшүңүздүн кош бойлуу болбошунун кепилдиги.
Чындык: Үзгүлтүккө учураган жыныстык канташ кош бойлуулукту алдын алуунун натыйжасыз ыкмасы деп таанылган.
Кептин бардыгы предэякулят — эркектин жыныстык катнаштагы дүүлүгүүсүнөн улам бөлүнүп чыгып, табигый майлоочу катары кызмат кылган суюктук жөнүндө болуп жатат.
Анын курамында сперматозоид да болушу мүмкун, ошондуктан, жыныстык катнашта, уруктуктун негизги агымына чейинки предэякулят дагы кош бойлуулукка алып келиши мүмкүн.
Азырынча предэкуляттын курамында канча сперма бар экенин так аныктоо үчүн жетиштүү изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Бирок, белгилүү болгондой предэкуляттын курамынын 20-30% учуру кош бойлуу болуп калуу үчүн жетиштүү.
Мындан тышкары, эркектин уругунун бөлүнүп чыгуу процесси өнөктөшүнөн оолактаганда учурда болушу мүмкүн. Ал эми сперманын кайсы бир бөлүгү ичинде калып калат.
«Биринчи жолкудан бойго бүтпөйт»
Миф. Сексуалдык дебют (алгачкы жаныстык катнаш) учурунда бойго бүтүп калышы таптакыр мүмкүн эмес деп эсептелет. Бирок, андай эмес.
Чындык. Бойго бүтүү үчүн жумуртка менен сперма керек.
Аларга сексуалдык катнаш биринчи жолу болуп жатабы же жокпу, айырмасы жок.
«Овуляция болбосо — бүтүрө берсе болот»
Миф: «Мурдагы жигитим эгерде овуляция болбосо, бүтүрө берсе болот, кош бойлуу болбойт деп эсептечү», — деген пикири менен бөлүштү кыргызстандык кыз. Бул ыкма өнөктөштөр овуляция күндөрүн эсептеп, катнаштан баш тарткан «календардык ыкмага» окшош.
Жумуртка клеткасы белгилүү күндөрдө гана жетилип, башка убакта жыныстык катнаш кош бойлуулукка алып келбейт деген түшүнүк жатат.
Факт: Овуляция стресстен, жашоо образынан же адам чарчаганда жылып кетиши мүмкүн.
Сперматозоиддер жатын моюнчасында, жатында жана жатын түтүктөрүндө 6 күнгө чейин кала аларын эске алганда, бул алдын алуу ыкмасы өтө эле кооптуу.
«Ыйынып, жууп-тазаласа — бойго бүтпөйт»
Миф: «Дос кыздарым кандайдыр бир жол менен жатындын ичиндеги спермадан арылса (жууну, ыйынуу), бойго бүтпөсүн айтышкан» — буга окшогон бир канча мифти Борбор Азиядагы бардык өлкөнүн колдонуучулары жазышкан.
Факт: Бойго бүтүп калуу үчүн сперманын жыныс кынына кириши жетиштүү.
Эгерде презерватив кокустан айрылып кетсе же корголбогон жыныстык катнаштан соң бойго бүтүп калуу коркунучу болсо, ыкчам бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуңуз.
Бул гормондордун сокку дозасы, кыздын ден соолугунун абалына жана дарынын курамына жараша организмге зыянын тийгизиши мүмкүн.
Андыктан, муну айла кеткендеги учур катары кабылдап, башка убакта бойго бүтүрбөөчү каражаттарды — дарыларды, презервативдерди, спиралдарды жана башкаларды колдонуңуз.
«Кыздар дайыма “жок” дегени менен, чынында жообу — “ооба”»
Миф: Кыздар менен аялдардын кам көрүүдөн, көңүл буруудан же жыныстык катнаштан баш тартуусу — алардын айтпаганы менен макул болгону деген миф бар. Эгерде көздөгөнүңдү бербей, күч колдонсоң, алардын «жок» дегени «ообага» өзгөрөт.
Ушул мифтин айынан адамдардын ортосундагы таанышуу менен мамиленин ар түрдүү баскычында, макулдук принцибин билбөө жана диалогдун жоктугу зомбулукка алып келген жагдайлар пайда болот.
Жакындашууга жана сексуалдык катнашка болгон макулдук принциби өтө жөнөкөй:
— бойго жеткен курагы; — сергек акыл жана сергек абалдагы аң-сезимдүү жана ыктыярдуу тандоо;— тең салмактуу абал, кысымдын жана баш тартуудагы кандайдыр бир коркуу сезиминин жоктугу.
Ошондой эле, Борбор Азия өлкөлөрүндө азыркы күнгө чейин аялдар бойго жете электе эле, алардын макулдугусуз күйөөгө берилет. Кыргызстанда кыздарды уурдашат жана мындай бардык адам укуктарынын бузулушу салт катары каралат. Мындай «салттардын» аркасында өнөктөштүн сексуалдык катнашка болгон макулдугу экинчи планга өтүп, аял «жубайлык милдетин аткарышы керек» деп эсептелет.
Факт: Каршылык көрсөткөн адам менен жыныстык катнашка баруунун кандай гана түрү болбосун зордуктоо болуп эсептелет, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Көпчүлүк адамдарга зордук көрсөткөндөр чочун кишилердей сезилиши мүмкүн, бирок статистика боюнча зордуктоога кабылган аялдардын 56% өнөктөшү же күйөөсүнөн, калган 33% достору, таанышы же үй-бүлө мүчөсүнөн залал көргөн.
Борбор Азиянын ар бир өлкөсүндө зордуктоого карата кылмыш жазасы бар, бирок көп учурда коомчулуктун айыптоосунан улам жабыр тарткан аялдар милицияга кайрылышпайт. Ошол себептен, сексуалдык зомбулуктун санын так аныктоо өтө кыйын. АКШда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, зомбулуктан жабыркаган үч учурдун экөөсүндө зордуктоо тууралуу билдиришкен эмес.
Бардыгы эриш-аркак экенин, аялдын же кыздын кандайдыр бир мамилеге макулдугун түшүнүү үчүн, оозеки түрдө сураса болот. Ал аркылуу «жалындап турган сезимди өчүрбөй», бардыгы жайында экенине ишенимдүү болосуң.
Адам менен мамиле курууда, ал киши сизге бардык нерсеге түбөлүктүү макулдук бербегенин унутпай, дайыма пикир алышып туруу маанилүү.
Флирт макулдук эмес экенин эстен чыгырбаш керек, көңүл буруу, белектер же кам көрүү жыныстык катнашка алмаштырылбайт, сиздин кайсы бир адамды кино көрүү үчүн чарырганыңыз, жөн гана кино көрүүгө чакырганыңызды билдирет.
Макулдук принциби жөнүндө WONDERzine’дан көбүрөөк билсеңиз болот.
«Алгачкы өнөктөштүн гени аялда сакталып калып, тун баласына өтөт»
Миф: Биринчи өнөктөшүнүн гени аялда сакталып калып, кийин балдарына өтөт деген теорияны казакстандык жаш эне бөлүшүп, өзү да ал нерсени кезиктиргенин айтты.
«Бала кезимде эле ал тууралуу бир журналдан окугам. Кийинчерээк бул теорияны көп жолу кезиктирдим. Мен муну караңгылык деп эсептейм, бирок айрым түгөйлөрдө “ата-бабасынын гени” балдарына өтүп калып ажырашкандар тууралуу өтө көп маалыматтар бар. Бирок аялды ушул логиканын негизинде айыпташат», — деп айтып берди Инна (аты-жөнү өзгөртүлдү).
Ал жашоосунда бул мифке туш болгон жалгыз аял эмес. Бул адеп-ахлакты жана үйлөнүүгө чейинки жыныстык жашоодон карманууну күчөтүү үчүн активдүү колдонулган, байыркы мифтердин бири жана анын чындыкка эч кандай тиешеси жок.
Факт: Телегония теориясын 19-кылымда немис зоологу Август Вейсман көтөрүп чыккан. Биринчи өнөктөштүн гени энеде «сакталып», урпактарга берилиши жөнүндө биринчи жолу Вейсман айтып чыккан.
Бүт теория жаныбарларга, жашылчаларга жана курт-кумурскаларга жасалган эксперименттерге негизделген, алардын бардыгы адамдардын түрү жок экенин жана көбөйүүдө адамдын гени эненин жумурткасынан жана атанын спермасынан гана пайда болорун ырастаган.
Илимпоздор бул концепцияны эбак эле жокко чыгарышкан. Заманбап илимий көз караштан алып карай турган болсок, бул концепция — эксперименталдык изилдөөлөр менен тастыкталбаган бейкалыс пикир, жалган ишеним жана алдамчылык.
«Вульва менен жатын кыны — бир эле нерсе», ажаатканада тампонду эмне кылыш керек
Миф: «Досторум менен мектепте кыздардын жыныс органындагы тешиктердин саны жана функциясы жөнүндө көптөгөн карама-каршы окуяларды укчубуз», — деп жазат тажикстандык студент.
Аялдардын жыныс органдары жөнүндө көптөгөн бурмаланган фактыларды жана мифтерди кезиктирүүгө болот.
Факт: Жалпак тил менен айтканда, вульва —жыныс мүчөнүн сырткы бөлүгү. Тагыраагы сырткы жыныс органына клитор, чоң жана кичине жыныс эриндери, лобок, жатын оозу кирет. Жатын кыны (влагалище же вагина) — жогорку бөлүгү жатынга туташкан булчуңдуу көңдөй орган. Анын узундугу 10-12 сантиметрди түзөт, туурасы үч сантиметр.
Анын бул өлчөмүнө бойдун узундугу, төрөт, өнөктөштөрдүн санына, жыныстык катнаштын жыштыгы эч кандай таасир этпейт.
Жатын кынынан ылдый, ооз жагынын сыртында кичинекей тешик — заара чыгуучу канал жайгашкан.
Этек кир мезгилинде томпон (же менструалдык чөйчөк) жатын кынына жайгаштырылат, ал эми сийдик заара чыгуучу канал аркылуу чыгат. Демек бул эки иш аракет бири-бирине дал келбейт жана эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Бул тууралуу сурамжылоого катшыкан айымдардын көпчүлүгүнүн маалыматы жок экени белгилүү болду.
Аялдын жыныс мүчөсүнүн түзүлүшү тууралуу бул жерде кенен жана толук айтылган. Ал эми бул жактан азыркыга чейин кыздардын өзүн ишенимдүү сезүүсүнө тоскоолдук жараткан жатын кыны тууралуу мифтерди окуй аласыз.
«Кыздыктан айрылуу оңой жана жөнөкөй»
Миф: Кыздык белги тууралуу дагы бир популярдуу миф — биринчи жыныстык тажрыйба оңой, тез жана жөнөкөй болот. Бирок айрым учурда андай эмес.
«Кыздыктан айрылып калуу “оңой жана жөнөкөй”, а меники бир жалга созулду», — деп өзбекстандык студент кыз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Факт: Чынында мындай нерсеге даяр болуу өтө маанилүү — бизге тасмада бир нече мүнөткө созулган, бардыгы оңой жана жөнөкөй көрсөтүлөт.
«Алгачкы жолкунун» романтизациясы өнөктөштөрдү пикир алмашуудан жана даярдыктан ажыратат.
Эгерде баары көнүмүш сценарий боюнча кетпей жатса, анда кыздарда коомчулук таңуулаган комплекс, коркуу сезими жаралат.
Мындан тышкары, вагинизмдин бар экенин билүү балдар үчүн да, кыздар үчүн да маанилүү. Бул феномен (адаттан тышкары көрүнүш) жакшы изилденбесе да, оору деп эсептелет.
Көбүнчө кыздар эмне болуп жатканын түшүнбөйт — жыныстык кумарланууну ашыкча каалоо менен булчуңдар жыйрылып, процесс мүмкүн болбой калат, бирок аялдын каалоосу менен оңдолот. Адатта сексологго кайрылып, себебин аныкташат — ар бир адамда индивидуалдуу (жекече) болот.
Стигматизациядан жана бул өзгөчөлүк тууралуу билбестиктен улам аялдар ыңгайсыздыкты сезишет, бирок аны менен толук кандуу жашаса болот. Вагинизмге чалдыккан аялдардын бири Саша Казанцеванын башынан өткөн окуяны бул жерден окуй аласыз.
Ал жыныстык катнаш — бир гана пенетрация (жыныс мүчөнүн жатын кынына кириши) деген дагы бир мифти жок кылат, аялдар анысы жок эле, жыныс мүчө жатын кынына кирбесе деле ырахат (оргазм) ала алышат.
Бул вагиналдык оргазм тууралуу миф.
Узак убакыт бою ал нерсе бар деп эсептелген, бирок аялдардын 30 — 40%ы жаныс кынына гана кирүү менен ырахат ала албаганын бир нече ирет айтышкан.
Кийин оргазм клитордук жана вагиналдык деп бөлүнө баштады, акыры окумуштуулар 2009-жылы бул органдын 3D моделин сунуштаган соң, G чекиттери тууралуу бардыгы ачык айкын болду. Клитор биз ойлогондон да чоң болуп чыкты — сырткы бөлүгүнүн эки үңкүр сыяктуу уландысы бар, алар жатын кындын кире беришинде жайгашкан.
Эгерде катнашка даярдык учурунда жыныс мүчөнүн сырткы бөлүгүнө жана клиторго таасир этсе, үңкүр сыяктуу денеге кан жүгүрүп, пенетрация учурунда ырахатка (оргазмга) жетүү мүмкүн болот. Анын бардык мүмкүнчүлүктөрү жана эмне үчүн порно ага туура мамиле кылууну үйрөтпөйт экени тууралуу бул макалада жазылган.
Эмне себептен өспүрүмдөр сексуалдык билимге муктаж?
Сексуалдык билимге каршы болгон консерваторлор эң эле корккон нерсе — сексуалдык билим балдар менен өспүрүмдөрдүн жыныстык катнашка болгон кызыгуусун туудуруп, бардык нерсени байкап көрө башташат жана аларды токтотуу мүмкүн болбой калат.
Чынында, өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында анын тескери таасирин белгилөөгө болот. Өспүрүмдөр организм кандай түзүлгөнүн жана жакындашуунун кесепеттери кандай болорун билген сайын, эрте жыныстык катнашка баруу ыктымалдуулугу азаят.
Бир нерсени билбөө — нормалдуу көрүнүш, бардыгын гуглдан карштырып, ишенимдүү маалымат булактарын издеп, кээде зыянын тийгизиши мүмкүн болгон жана тастыкталбаган элдик ыкмаларды этибарга албай эле койгон оң.
Секс темасына байланыштуу ар түрдүү, пайдалуу подкасттар бар, ал жактан көңүлүңүзгө жакканын тапсаңыз болот. Ошондой эле, жыныстык катнаш жана ага байланыштуу маселелер боюнча бул жерден, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия аймагынын жаштар кыймылы, TEENERGIZER платформасынан жана башка булактардан окуй аласыз.
Даярдаган: Анастасия Черепанова
Материал Civil Rights Defenders’тин колдоосу менен даярдалды.