Хюррем-султандын ролун аткарган Мерьем Узерли Кыргызстанга келет

«Даңазалуу доор» сериалынан алынган скриншот.

Азия Эл аралык кинофестивалынын уюштуруучулары сентябрда Бишкекке атактуу «Даңазалуу доор» түрк сериалында Хюррем-султандын ролун жараткан актриса Мерьем Узерли келерин билдиришти.

Уюштуруучулардын айтымында, Узерли Кыргызстанга басма сөз жыйынга жана жаңы долбоордун урматына арналган жабык гала-сый тамакка катышуу үчүн келет.

«Мерьем Узерлиден тышкары, белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманн, фестивалдын аткаруучу директору Жорж Шамшум, продюсер, аялдардын укугун коргоочу, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт Мерал Мелика Дюрандын да келүүсү күтүлүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Узерли эмгек жолунда 2016-жылы эки жолу мыкты эл аралык актриса деп табылган жана «Даңазалуу доор» сериалында эң мыкты аялдын ролу үчүн эки жолу сыйлык алган.

Актриса Мерьем Узерли 2019-жылы Азия Эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун төрайымы болгон. Ал режиссёрлор Жан Марк Валле, Сергей Бодров жана актриса Люси Лю менен катар уюштуруучу кеңештин курамына да кирет.

Азия Эл аралык кинофестивалын 2015-жылы Лос-Анжелес шаарында коомдук ишмер Садык Шер-Нияз негиздеген.

Фестивалдын максаты — Азия менен АКШнын киноиндустриясынын ортосундагы байланышты бекемдөө жана кызматташтык үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.