Минкаб унаалардын катализоторун өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салды

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 24-августта Кыргызстанда пайдаланылган *катализаторлорду, анын курамындагы баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын ташып чыгууга тыюу салынганын билдирди.

Мындай чектөө жарым жылга созулат. Токтомго минкабдын башчысы Улукбек Марипов кол койду.

*Катализатор — бул унаанын түтүн чыккан бөлүгүндө жайгашкан түзмөк. Ал чыгынды газдарындагы адам жана экология үчүн зыян химиялык бөлүкчөлөрдү — көө, углерод жана азот кычкылтегин чыпкалаган түзмөк. Бул заттар катализатордо аягына чейин күйүп, анчейин зыян эмес көмүр кычкыл газына жана бууга айланып чыгат.

«Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдардан абанын булгануусун азайтуу менен адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого багытталган», — деп түшүндүрүштү минкабдан.

Катализаторлорду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандарга чек ара кызматы чара көрөт.

Минкаб катализаторлорду өлкөдөн ташып чыгарууга тыюу салууну пландап жатканы 2021-жылдын февраль айында эле белгилүү болгон. Бирок анда долбоордун маалымкат-негиздемесинде «автотранспорт каражаттарынан катализаторлорду ыктыярдуу алып салууну же кайра сатуу үчүн уурдоону алдын алуу максатында тыюу салуу сунушталууда» деп айтылган болчу.

Документте Кыргызстанда 80%га жакын унааларда катализатор жок, болсо деле зыяндуу заттарды коопсуз кылып тазалап чыгарбайт деп айтылган.

Кыргызстанда катализаторлорду сатып алууга болгон сунуштар абдан көп. Онлайн-соода-сатык аянттарында ал үчүн 20 миңден 50 миң сомго чейин сунушташат.

Буюмдарды алып-сатуу боюнча сайттан алынган скриншот 

Катализатор — автомобилдин газ чыгаруу системасына кирген эң кымбат элементтердин бири. Дал ошондуктан катализаторлорду алмаштырбай эле кесип алып салышат.

Катализатордун наркы жогору болгонуна анын курамында баалуу металлдар бар болгону себеп, платина, родий же палладий тузу. Дүйнөдө палладийге болгон тартыштык анын наркын көтөргөн жана бул жакынкы жылдары дагы сакталышы мүмкүн. Бир катализатордо болжолдуу 5 грамм палладий бар.

Автомобилдерге карата экологиялык талаптарды күчөтүү аталган металлга суроо-талаптын жана анын наркынын өсүшүнө алып келген.

Автоунааларга катализаторду орнотууну активисттер бир нече жылдан бери экологиялык абалга байланыштуу талап кылып келишет, себеби жыл сайын кышында шаарды кара түтүн каптайт.