Коронавируска каршы күрөшүүгө деп Германия менен Түркиядан келген товарлардын жарымынан көбү Саламаттык сактоо министрлигинин кампасында чаң басып жатат — бул тууралуу ведомствонун расмий сайтындагы маалыматтар айтып турат. Орусиядан келген жыйырма миң ПЧР-тест лабораторияларга түшпөй калган. Гумжардамдын калгандары эмне болгону белгисиз: Саламаттык сактоо министрлиги отчёт жарыялабайт же сурамга жооп бербейт.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 менен күрөшүү үчүн чет элдик демөөрчүлөрдөн жана кыргыз ишкерлеринен гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз алып турган.

Жардам түшкөнү тууралуу маалымат министрликтин сайтына, гуанитардык жардамды эсепке алуунун маалыматтык тутумуна, «Электрондук саламаттык сактоонун» сайтына жана help.covid.kg порталына жайгаштырылат. Бирок акыркы үчөө үзгүлтүк менен иштеп жатат: материал жарык көрө турган акыркы жумада алар жеткиликсиз болчу.

* БУУнун өнүктүрүү программасы
**БУУнун Балдар фондусу
***Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму
****Евразия Экономикалык комиссиясы
***** БУУнун калк жайгаштыруу тармагындагы фонду

Гумжардамды бөлүштүрүү боюнча бирдиктүү отчёт формасы жок: ар бир булактан алынган маалыматтар жарым-жартылай жарыяланган, ага карап тигил же бул товар кайсыл тармакка бөлүнгөнүн түшүнүү мүмкүн деле эмес.

Товар түрүндөгү жардамдан сырткары, Кыргызстан биринчи керектөөдөгү товарларды, медициналык жабдууларды сатып алууга, ооруканаларды курууга жана жабдуулоого гранттар менен насыяларды алган. Бул акчалар кайда жумшалганын билүү мүмкүн болбой келет: бул маалыматтарды Саламаттык сактоо министрлиги жарыялабай жатат.

Гуманитардык жардам тууралуу эмне белгилүү?

«Клооптун» дата-бөлүмү чет элдик демөөрчүлөр Кыргызстанга жөнөткөн гуманитардык жардамдар тууралуу апрелден бери маалымат чогултуп келет. Биз дарыгерлер менен баарлашып, ооруканаларга телефон чалдык, бирок өлкөгө келген жабдыктар, дары-дармектер жана коргонуу каражаттар кимге кандай негизде берилип жатканын биле алган жокпуз.

Саламаттык сактоо министрлиги гумжардамды бөлүштүрүлүшү боюнча расмий сурамдарга жооп берген жок — андай сурамдан бир эмес, беш жолу берилген.

Бирок биз коронавируска каршы күрөшүү үчүн Германия менен Түркиядан келген товарлардын жарымынан көбү кампаларда жатканын аныктадык. Ал эми Орусиядан келген 20 000 топтом ПЧР-тест лабораторияларга өткөрүлгөн эмес.

ССМдин кампасында эмнелер бар?

2020-жылдын июль айында Түркия Кыргызстанга гуманитардык жүк жөнөткөн: 20 жасалма дем алдыруучу аппарат, 50 кычкылтек концентратору, 20 000 топтом ПЧР-тест, жеке коргонуу каражаттары жана COVID-19ду дарылоо үчүн колдонулган 10 000 даана безгекке каршы гидроксихлорихин препараты (ДССУнун маалыматына ылайык, анын коронавируска каршы күрөшүүдө натыйжалуулугу далилденген эмес).


Жасалма дем алдыруучу аппараттар жана кычкылтек концентраторлору ооруканаларга таратылган. Бирок жеке коргонуу каражаттарынын бир бөлүгү дагы деле Саламаттык сактоо министрлигинин кампасында жатат. Тесттер да лабораторияга бериле элек.



2020-жылдын ноябрь айында Германия тарабынан берилген гуманитардык жардамдын топтомунун жарымы гана таркатылган.


2020-жылы декабрда Орусия Кыргызстанга 20 миң ПЧР-тест жөнөткөн, бирок 2021-жылдын апрелине карата аларды дагы лабораторияларга өткөрүп беришкен эмес.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Лабораториялык изилдөөлөр борборунун башчысы Айгүл Жумаканованын айтымында, тесттер «тиешелүү реагенттер менен камсыз болбогондуктан кампада жатат». КР ТИМнин маалыматына караганда, 2021-жылдын январь айында Орусия Кыргызстанга кечиктирсе да 20 миң изилдөөгө деп реагентттерди жөнөткөн. Ал эми министрлик январь айында алынган реагенттер эмне себептен тесттерди камсыздоого колдонулган эмес деген «Клооптун» суроосуна жооп берген жок.

Кредиттер боюнча отчёт жок

2020-жылы Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга респираторлорду, 30 автоунаа сатып алууга жана 10 лабораториянын курулушуна деп 15 млн доллар берген.

Бул акчага 15 санитардык унаа сатып алынып, аймактардагы ооруканаларга өткөрүп берилген. Расмий сайтта дары-дапмектер менен жеке коргонуучу каражаттар кандай бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалымат жок, ал эми «Клооптун» сурамын Саламаттык сактоо министрлиги көз жаздымда калтырып койду.

Ведомствонун маалыматына караганда, лабораториялардын курулушу али баштала элек, жаңыдан гана пландалууда. Курулуш иштери качан башталары — белгисиз.

Калган башка гранттар менен кредиттер боюнча түзүк маалымат табуу мүмкүн болгон жок.

Ачык-айкынсыз гумжардам

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча түзүк маалыматтын жоктугу тууралуу кеп мамлекеттик органдар менен муниципалитеттердин коронавируска каршы күрөшүү боюнча иштерин иликтеген ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунда да айтылган. Комиссия 2020-жылы түзүлүп, курамына медкызматкерлер, парламент депутаттары, ЖМК жана мамкызматтын өкүлдөрү, жарандык активисттер, көз карандысыз эксперттер жана коронавирустан каза болгондордун жакындары кирген.

Комиссия коронавируска каршы күрөшкө деп өлкөгө келип жаткан каражаттар боюнча ТИМ менен Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары бири-бирине дал келбей жатканын аныктаган: Саламаттык сактоо министрлигинин отчётунда өлкөгө келип жаткан каражаттардын бир бөлүгү таптакыр эле көрсөтүлгөн эмес, ал эми башкаларыныкы — саны дал келбейт.

«Гуманитардык жамрдамдын бөлүштүрүлгөнү боюнча көрсөтүлгөн отчёттор толук эмес, айрым пункттары түшүнүксүз», — деп билдирген комиссиянын төрайымы Эльвира Сурабалдиева 2021-жылдын январь айындагы басма сөз жыйында. Сурабалдиева Саламаттык сактоо министрлигинин отчётторунда Кыргызстанга келип түшкөн дарылардын саны жана аталышытары дагы көрсөтүлбөгөнүн белгилеген.

2020-жылдын март айынын башында «Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда аткезчилик жүк кармалган. Чек арачылар дээрлик 100 миң беткапты Казакстанга чыгарып кетүү аракети болгонун айтышкан. Андан көп узабай эле март айында 1,9 млн даана беткап алып өтүүгө аракет кылгандар кармалган.

Комиссия 2020-жылдын жазында чек арада конфискацияланганын маскалар менен респираторлордун 6%ы гана мамлекеттик ооруканаларга жөнөтүлгөнүн, калгандары фармацевтикалык уюмдарга сатылганын аныктаган. Жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздигинен улам дарыгерлер маска жана респираторлоду дарыканадан кымбат баада сатып алууга мажбур болушкан дешет комиссия мүчөлөрү.

Бишкекте жана аймактардагы ооруканаларды кыдыруу учурунда комиссия саламаттык сактоо системасы 2021-жылдын жай айларында күч алган коронавирустун «үчүнчү толкунуна» дагы даяр эмес деген тыянак чыгарган: көпчүлүк ооруканаларда мурдагыдай эле дары-дармек жетишсиз болгон.

Жардам кантип бөлүштүрүлөт?

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин бири «Клоопко» чет өлкөдөн жана эл аралык уюмдардан алынган каражаттын баары зарылдыгына жараша бөлүштүрүлгөнүн айтып берди. Ооруканалар керектүүлөрдү сураганда Саламаттык сактоо министрлиги суранычтарды дароо канааттандырып турган. Кампадагы товарлар — «артып калган» гана каражаттар.

Балким, «артып калган» товарлар көп экени ооруканалар жакшы камсыз болгонунан кабар береттир?

«Клооп» өлкө боюнча 24 медициналык мекемеге телефон чалып чыкты. Бирок коронавируска чалдыккан бейтаптар менен иштеген 7 гана башкы дарыгер жана оорукана директору ковид бөлүмдөрүнүн камсыздалышы тууралуу сүйлөшүүгө макул болду. Администраторлор пандемиянын башталганда кыска мөөнөттүк кечигүүлөр болгону менен ооруканаларда медкаражаттар менен дары-дармек тартыштыгы жаралган эмес, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги гумжардамды өз убагында берип жатты деп ишендиришти.

«Кызыл зонада» иштеген катардагы врачтардын бул боюнча оюу башкача.

Врачтар эмне дейт?

2020-жылдын «кара июлу» — өлкөдө өлүм 30%га дейре жогорулаган ай. Кыргызстандыктар жаз айы башталып аяктаганча катаал карантинде болушту, ал эми жай айында катаал чектөөлөр алынып, коронавирустун биринчи толкуну башталды.

Тез жардам менен мобилдүү бригадалар араң туруштук берип жатты: адамдар дарыгерлерди бир нече күндөп күтүштү. Айласы кеткен адамдарга кандайдыр бир жардам бериш үчүн медиктер ыктыярчыларды ишке тартышты: медициналык окуу жайлардын жана кесиптик билим берүү жайларынын студенттерин. Ыктыярчылар дары-дармектерди — эң жөнөкөй парацетамолдон тартып антибиотик, коргоочу каражаттарды жана кычкылтек концентраторлорун сатып алуу үчүн каражат чогултуп, муктаждарга жеткирип берип жатышты.

Ооруканалардагы абал да оор болгон: ковид зонасында орун жетпей, бейтаптарды дарылагыдай эч нерсе жок болуп жатты — дары-дармек да, жабдуулар да тартыш болду. Анын баарын бейтаптардын тууган-уругу соцтүйүндөр аркылуу издешкен.

Медиктер болсо соцтармактар аркылуу сапаттуу жеке коргонуучу каражаттардын жоктугун айтып арызданып жатышты — респираторлор менен коргоочу костюмдардын жоктугунан врачтар массалык түрдө ооруй баштаган. Ысык-Ата Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Бектур Апышев твиттерге дакиден жасалып, «арасынан майда чымын-чиркей өтүп кете турган» беткаптын сүрөтүн жүктөгөн.

Кийин аталган врач видео жүктөгөн. Анда ал «жалган маалымат таратканы үчүн кечирим сурап», жогорку сапаттагы респираторлорду көрсөткөн. Апышев мындай жеке коргонуучу каражатта ал иштеген ооруканада жетиштүү экенин айткан. Бирок анын канчалык чындыгы бар?

«Клооп» анонимдүүлүк шарты менен былтыр «кызыл зонада» иштеген дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар төмөнкүлөрдү айтып беришти.

«Жеке коргонуу каражаттарынын кездемеси өтө начар болчу, эптеп эле тигилген экен, — дейт стационарда иштеген дарыгерлердин бири. — Демөөрчүлөр болду, алар жеке коргонуу каражаттарын алып келип жатышты, чет жердеги кыргыз диаспорасы жардам берип жатты. Саламаттык сактоо министрлиги эч нерсеге катышкан жок».

Башка ооруканын дарыгери бир кезмет үчүн бир гана комплект жеке коргонуу каражаты берилгенин, ал дайыма эле чак келе бербегенин айтат.

«Былтыр алты сааттан иштеп, 12 саат эс алып — кайрадан “кызыл зонага” жөнөп жаттык, — дейт ал. — Ар бир жолу киргенибизге жаңы жеке коргонуу каражатын берип жатышты. Сапаты ар кандай болчу. Башында жеке коргонуу каражаттары чоң же тескерисинче [кичине] болуп аткан. Дары-дармектер жетишсиз болду. Оорулуулар концентраторлоду өздөрү сатып алып, өздөрү алып келип жатышты. Антибиотиктер жетишпей жатты: ошол эле гепарин, жөнөкөй эле физраствор, анальгин, димедрол».

Камсыздоого байланышкан үзгүлтүктөр тууралуу медиктердин дагы бири айтып берди.

«Июль айында эки күн стандартка ылайык келбеген целлофан костюмдарды кийип жүрдүк. Абдан кыйын эле болду, жумуштан кийин бут кийимдерден шорголоктогон сууларды төгүп жаттык», — дейт ал.

Медиктин баары бир эле нерсени айтышууда: «кара июлга» Кыргызстандын даярдыгы жок болчу — дары-дармек, меджабдуу жок болчу, ал тургай «кызыл зона» алдын ала даярдалган эмес. «Мунун баары жанталашып сатып алынып, башаламан шартта жеткирилген», — дешет алар.

Көнүмүшкө айланган татаал иш

Азыр кырдаалды туруктуу деп деле айтууга болбойт. Дарыгерлер ооруканаларда зарыл дары-дармектер жок болуп кетип жатканын моюнга алышат. Бирок, жеке коргонуу каражаттар жетиштүү болуп жеңилирээк боло түштү: алар ооруканаларда бар, дарыканалардан деле жеткиликтүү баада сатып алса болот. Жалпылап айтканда, дарыгерлер коронавируска көндү: бир жыл мурун коркунучтуу жана түшүнүксүз болуп жаткан нерсе бүгүн кадимкидей эле кабыл алынып калды.

« “Үчүнчү толкунда” [2021-жылдын жайында] оор акыбалдагылар көп болду, ал тургай жаштарды айыктыруу мүмкүн болбой калган. Эгерде адам жасалма дем алдырууга түшүп калса — буйрук экен. Эмнеге? Билбейм, сыягы, биздин Кыргызстанда медицина ошондой окшобойбу», — дейт биз менен маектешкен врачтын бири.

«Талкан жуткан» министрлик

Акыркы төрт айда «Клооп» Саламаттык сактоо министрлигине беш расмий маалыматтык сурам кат жөнөттү. Ведомство анын бирине да жооп бергенге жараган жок. Алгач жооптуулар журналисттерден эч кандай кат албаганын айтышса, кийин «жооп даярдап жатышканын» айтып ишендиришкен. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө маселе боюнча бир сап да жооп ала албадык.

Катардагы катчыдан жетекчиликке дейре ондогон телефон чалууларды кылдык. Ар бири гумжардам кантип бөлүштүрүлүп жатканын жана бул маселеде ким жооптуу экенин билбесин айтып ишендирди.

Килейген Саламаттык сактоо министрлигинен кимге кандай жабдуу берилгенин жана азыркы учурда кайсыл оорукана эмнеге муктаж экенин билген адамды таба албадык.

Материал «Сорос — Кыргызстан» фондусу тарабынан каржыланган «COVID-19 боюнча эл аралык жардамдын мониторинги» долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Материалдын мазмуну менен жыйынтыктары Фонддун пикири менен дал келбеши мүмкүн.​