Мамкатчы Абыкеев: 10 жылдан кийин өнүккөн алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулабыз

Мамкатчы Чолпонбек Абыкеев «Биринчи радионун» эфиринде Кыргызстан кантип «эң өнүккөн өлкөлөрдүн» катарына кирери тууралуу айтып берди. Аткаминердин айтымында, өнүгүү жолуна түшүш үчүн, алгач, чыдаш керек болот.

«Элибиз бизден өтө тездикти талап кылып жатат. Бүгүн эле өнүгө калсак деп жатат. Бирок, тилекке каршы, баары жомоктогудай болбойт экен», — деди ал.

Абыкеев «Кудай буюрса» кийинки беш жылдын ичинде экономикалык жактан дагы күчтүү өнүгүүгө жол ачылат деп белгиледи.

Өлкө өнүгүү жолуна түшкөнү, Абыкеевдин айтымында, үчүнчү жылы байкалат. Башкысы бийликке ишеним көрсөтүү керек. Себеби Абыкеев президент өлкө үчүн «күнү-түнү иштеп жатат» деп эсептейт.

«Эки жылдан кийин үчүнчү жылы туура жолго түшкөнүбүз көрүнөт. Эки жыл кыйналабыз. Муну ачык айтышыбыз керек элибизге. Ошондуктан элибизден эки жыл чыдап бергиле деп суранып жатам. 10 жылдан кийин өнүккөн алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулабыз. 15-20 жылдан кийин алдыңкы 10-15 мамлекеттин катарына жете алабыз», — дейт мамкатчы.

*Садыр Жапаровго чейин өлкө башкарган Сооронбай Жээнбеков тактыда болгону үч жыл отурган. Ал 2020-жылдын октябрь айындагы толкундоолордон кийин отставкага кеткен. Элдин нааразылыкка чыгышына парламенттик шайлоонун жыйынтыгы себеп болгон. Андагы шайлоо добуш сатуп алуу, талапкерлерге басым жасоо, коркутуу жана башка чуулар менен коштолгон. Жээнбеков башкарып турганда анын саясаттагы атаандаштары камакка алынган. Кыргызстандын экинчи качкын президенти Курманбек Бакиев дагы 2010-жылдагы революциядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен — нааразычылыкка себеп көп болчу, анын ичинде экономикалык көйгөйлөр, тарифтердин жогорулашы, атаандаштарды куугунтуктоо, өлкө башчысынын уулу тарабынан көптөгөн рейдерлик басып алуулардын болушу жана саясий адам өлтүрүү.

Ал эми президент Жапаровдун божомолу боюнча Кыргызстандын экономикасы 2023-жылга барып калыбына келет — пандемияга чейинки денгээлге кайтат.

Азырынча Кыргызстанга эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктоого чейин кыйла көп бар. Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, республика 2020-жылга карата ИДПнын дүйнөлүк рейтингинде 148-орунда турат.

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, экономика солгундап баратат. Алсак, Кыргызстандын Ички дүң продукциясы (ИДП) 2021-жылдын январь-май айларында өткөн жылга салыштырмалуу 1,6%га азайган. Аталган айларда өлкөдө карантин чектөөлөрү иштеп турган.

Ошондой эле өлкөнүн тышкы карызы дагы көп. 2020-жылдын 31-декабрына карата мамкарыздын көлөмү 4 928,67 млн долларды же 407 353,36 млн сомду түзгөн. Бул сумманын көбү — 4 220,31 млн доллар — мамлекеттик тышкы карызга туура келет.