COVID-19: Алты киши каза болду, 215 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 28-августта өлкөдө коронавирустун 215 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 66;

Чүй облусунда — 53;

Ысык-Көл облусунда — 38;

Жалал-Абад облусунда — 22;

Талас облусунда — 14;

Баткен облусунда — 13;

Нарын облусунда — 4;

Ош облусунда — 3;

Ош шаарында — 2.

Ошондой эле өткөн суткада 371 бейтап айыгып, алты киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 175 224кө жетти. Оорудан 168 769 бейтап айыгып, 2 513 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 169 бейтап ооруканаларда, 1 333 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.