Гуманитардык жүк. Сүрөт/Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. 

Кыргызстанга гуманитардык жардам келсе дайыма жакырчылык менен оорудан куткарууну убада кылган чиновниктердин сүрөтү тиркелип, жар чакырган пресс-релиздер менен коштолот. Шаан-шөкөт басаңдаганда келген жардам жер жуткандай жоголот. Эч ким үндөбөйт, донорлор да үн катпайт. Жүз миллиондогон сом кайда жумшалганы тууралуу билүү аракети детективге айланат.

«Клооп» өлкөгө келген эл аралык гуманитардык жардам кантип, кандай принцип менен бөлүштүрүлгөнүн аныктоого беш ай кетирди. Бирок кыргыз чиновниктери жооптун ордуна оозуна талкан сугунгандай туруп берсе, чет элдик донорлор сылык гана баш тартышты. Ал тургай, журналисттерге коркутуу жана басым жасоо аракеттери болду.

Бирок ага карабай анча-мынча маалымат топтодук.

«Клооп» кантип ооруканаларды кыдырып гумжардам издеди

Кыргызстан пандемия учурунда COVID-19ду дарылоо үчүн ондогон таңгак биринчи керектөөдөгү товарлар салынган гумжардам алган — беткап, респиратордон тартып ИВЛ аппаратка чейин. Анын бир бөлүгүн эл аралык донорлор — өлкөлөр жана уюмдар берген; экинчи бөлүгүн жергиликтүү ишкерлер менен диаспоралар жеткирген.

Сыртынан караганда, Кыргызстанга келген гумжардам элдин көз алдында, жашыра турган эч нерсе жок. Жардам келип түшкөнү, бөлүштүрүлгөнү жөнүндө маалымат дароо бир нече булакка жайгаштырылат — Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына, «Электрондук саламаттык сактоо» порталына, гуманитардык жардамды эсепке алуунун маалыматтык тутумуна ж.б. Бирок бул реестрлерди түшүнүү мүмкүн эмес: көпчүлүк учурда сайттар иштебейт, андагы маалыматтар толук эмес же белгилүү бир ооруканага кайсыл демөөрчүдөн эмне жардам келгени түшүнүксүз жайгаштырылган.

Аны аныктоо үчүн гумжардамдын үч түрүн талдоого алдык: коронавирус менен күрөшүү үчүн Түркия менен Германиядан келген товарлар жана Россиядан келген ПЧР-тесттер.

«Силерге жооп берүүгө убакыт жок»

Алгач биз жөн гана Саламаттык сактоо министрлигине телефон чалып жаттык. Бирок, сайтта көрсөтүлгөн телефондордун бири да жооп берген жок. Андан соң, кызматкерлердин интернеттен табылган номерлеринин ар бирине чалып, байланышууга аракет кылдык.

Көпкө созулган телефон чалуулар жана маанисиз сүйлөшүүлөрдөн кийин бир гана нерсени аныктадык: Кыргызстанга 2020-жылдын жай-күз айларында Германия менен Түркиядан келген гумжардамдын жарымы дагы деле кампаларда жатат. Орусиядан декабрда алып келинген ПЧР-тесттер эмдигиче лабораторияларга түшкөн жок. Анткени тийиштүү реагенттер менен жабдылган эмес.

Гумжардам тууралуу азыноолак маалыматы бар Саламаттык сактоо министрлигинин жападан жалгыз кызматкери болсо бул «артып калган» товар экенин айтты — ооруканаларда баары жетиштүү, ошол себептен гумжардам толук таратылган эмес.

Биз Саламаттык сактоо министрлигине расмий беш жолу кат түрүндө сурам жибердик, бирок анын бири дагы каралган жок.

Алгач бизге «сурам келген эмес» деп жооп кайтарышты, андан кийин — «жооп даярдап жатабыз» дешти. Соңунда, телефон сүйлөшүүлөрдүн биринде «силерге жооп айтууга убакыт жок» деп жооп беришти.

Гумжардамды бөлүштүрүү тууралуу материал чыккандан кийин «Клооптун» журналисттерине Саламаттык сактоо министрлигинен дароо телефон чалышканын айтуу зарылбы? Ведомствонун маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова журналисттер сөзсүз жарыялайсыңар деген шарт менен бардык суроолорго жооп берүүнү убадалады. Айгерчинова материалда сөз болгон кампалар ушул тапта дээрлик бош турганын, керек болсо далилдеп берүүгө даяр экенин билдирди.

Үндөшпөйт, бирок сылык-сыпаа

Германия элчилиги «Клооптун» биринчи сурамы жетпегенин айтып чыкты. Англис тилинде жөнөтүлгөн экинчи сурамдан кийин — бизди KfW немец банкына жөнөтүштү. Алар Жалал-Абаддагы Германиянын акчасына курулган тез жардам бөлүмү тууралуу жалпы маалымкат беришти. Бул бөлүмдүн курулушу 2017-жылы башталып, бир жылдын ичинде бүтүрүүнү убадалашкан. Бирок 2020-жылы сентябрда гана, эпидемия башталганда аягына чыккан. Мындан улам сегиз көп профилдүү койканы коронавирусту дарылоого ылайыктап кайра жабдууга туура келген. Гуманитардык жардамдын калган бөлүгү боюнча элчилик эч кандай түшүндүрмө берген жок.

Бул дагы бир ачылыш болду: Кыргызстанда мамлекеттик орган, элчилик же эл аралык уюмга чет элдик жаран кайрылса ага тез жана сылыгыраак жооп беришет. Бирок, андан деле пайда — аз.

Унаалар табылды, бирок ичкүптү калып калды

Ислам өнүктүрүү банкы бөлгөн гранттын эсебинен алынган мобилдүү медициналык клиникалар. Сүрөт/Президенттин басма сөз кызматы. 

Ошондой эле, «Клооп» Кыргызстандын бийлиги 2020-жылы Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) тарабынан бөлүнгөн кредитти кайда жумшаганын билүүгө аракет кылды: 15 миллион доллар респиратор, 30 даана тез жардам унаасын сатып алууга жана 10 лаборатория курууга багытталган болчу.

Биз убадаланган тез жардам унаалардын жарымы гана сатылып алынып, ал эми лабораториялардын курулушу дагы деле башталбай жатканын аныктадык.

27-августта жаңы маалыматтар пайда болду. Көрсө, 2021-жылдын май айында Ислам өнүктүрүү банкынын каражатына Норвегиядан сатылып алынган жаңы мобилдик клиникалар дагы эле Бишкектеги күзөтчүсү да жок унаа токтотуучу жайда экен. Аткаминерлер жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жана сапатын текшерүүгө жетишпей калган имиш.

Ислам өнүктүрүү банкынын Алматыдагы кеңсеси «Клооптун» чалууларына жооп берген жок. Ал эми расмий сурамга банктан насыянын кайда жумшалганы тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигине кайрылууну сунушташты — бул ведомство биздин бир дагы сурамга жооп берген эмес.

«Кимдин заказын аткарып жатасыңар?»

2020-жылдын жазында Нарын шаарындагы Борбор Азия Университети (БАУ) мэрия менен бирге аймактагы 500 аялуу үй-бүлөгө гуманитардык жардам тараткан. Анда ун, май, суу, ун азыктары, антисептиктер жана көп жолу колдонулуучу беткаптар болгон. Бул тууралуу мэрия социалдык тармактарда билдирүү тараткан.

«Клооп» гумжардам кимдердин колуна тийгенин, арасында бийликке жакындыгы бар тургундар бар-жогун аныктоого аракет кылды. Бул үчүн «Клооптун» кабарчылары Нарын шаардык мэриясына бир нече ирет телефон чалып, кайрылуу жазган, бирок жооп ала алган эмес. Андан соң Нарын шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кат жөнөттүк. Алар журналисттерге кайрадан байланышка чыгып, «кимдин буйругун аткарып жатасыңар» деп агрессивдүү тон менен өзүбүзгө суроо узатышты.

«Биздин ишмердүүлүгүбүздү текшергендей силер кимсиңер?» — деген чиновниктер бир топ ызырынышты.

Акыр аягында «Клоопко» Борбор Азия Университетинин өкүлдөрү байланышка чыгып, гумжардам таркатуу демилгеси окутуучуларга тиешелүү экенин түшүндүрүштү. Университеттин кызматкерлери кезектеги айлык маянасынан акча чогултуп, ЖОЖдун сатып алуу бөлүмү Бишкектен биринчи керектөөчү буюмдарды дүңүнөн сатып алган. Нарындын социалдык коргоо башкармалыгы аз камсыз болгон жана аялуу катмарга кирген үй-бүлөлөрдүн тизмесин берген, ал эми БАУ квартал башчылары жана ыктыярчылар менен бирге жардам өз дарегине жетиши үчүн тизмени дыкат текшерип чыккан.

Эгерде баары жогоруда айтылгандай болсо, бийлик эмне мынча азуусун көрсөтүп жатат?

«Шпионаж үчүн түрмөгө камаласыңар»

ЕККУ (ОБСЕ) Кыргызстанга 2016-жылы жалпы наркы 600 миң евродон ашуун эки грант бөлгөн. Биринчиси — Баткен районунун Бужум айылындагы аскер бөлүгүндө ракета-артиллериялык курал кампасын курууга. Экинчиси — Ош облусунун Гүлчө айылында жаңы курал кампасын курууга жана эскисин оңдоп-түзөөгө. Отчеттерго таянсак, тендерди«Архстройинвест» жана «Шер-Курулуш» компаниялары утуп алган.

«Клооп» сынакка дагы кимдер катышканын жана жеңүүчүлөр кандай талаптар боюнча тандалганын билүүнү чечкен. Бирок Коргоо министрлиги да, Башкы штаб да журналисттердин сурамына жооп берген жок: адегенде алар купуялуулукка шылташса, андан кийин бардык маалыматтарды ЕККУдан билип көрүүнү сунушташты, анткени тендерди ЕККУ өткөргөн.

ЕККУдан болсо журналисттерге адегенде мыйзамда каралган мөөнөт өткөндөн кийин толук жана кенен маалымат берүүнү убада кылышкан. Кечигүүнү «жаңы жетекчилик келгени» менен түшүндүрүшкөн.

Андан соң маалымат бербей турганын билдиришти. «Биздин юристтер дагы бир ирет бардыгын текшерип чыгышты — тендер таза жана мыйзамдуу өткөрүлгөн», — деп жооп берген басма сөз катчы кезектеги сурамга.

Бирок биз дагы бир иликтөө жүргүздүк — анын чоо-жайын кийинки макалада айтып беребиз.

Негизги — курал сактоочу кампалар убагында курулганбы? — деген суроо азырынча жоопсуз калууда. Биз Баткен жана Ош облусундагы аскер кызматкерлери аркылуу билүүгө аракет кылып көрдүк. «Акыл-эсиңер жайындабы? Шпионаж үчүн түрмөгө камап салышат!» — деп жооп беришти алар.

Ишенимби же баары бир казанда кайнайбы?

Беш айга созулган иликтөөдөн кийин биз бир гана тыянак чыгара алдык — эл аралык донорлор кыргыз мамлекетине бөркүндөй ишенет. Алар ачык отчетторду талап кылышпайт, айрыкча кайтарымсыз жардам берген учурда. Ошол себептен каражаттын сарпталышын же гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөө мүмкүн эмес.

Бийлик дагы, донорлор дагы бул тууралуу журналист жана активисттер менен ачык сүйлөшкүсү келген жок. Мындай кетенчиктөө, албетте шек туудурат.

Тема боюнча: COVID-19га каршы чогулган гумжардам кампаларда чаң басып, ооруканаларга берилбей турат

Материалды даярдагандар: Зарина Жолдошова, Саадат Төлөгөнова.

Материал «Сорос — Кыргызстан» фондусу тарабынан каржыланган «COVID-19 боюнча эл аралык жардамдын мониторинги» долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Материалдын мазмуну менен жыйынтыктары Фонддун пикири менен дал келбеши мүмкүн.​