Видео: Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган Ала-Тоо аянтындагы аскер парады

Ала-Тоо аянтында 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган аскер парады өттү. Бул күнү эмгекчилердин парады, президент Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзү жана иш чаранын майрамдык бөлүгү пландалган.

Буга чейин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 31-август күнү Эски аянт жана Ала-Тоо аянты жабык болорун кабарлаган.

Ошондой эле аскер парады учурунда Чокон Валиханов, Чүй, Тыныстанов, Гоголь, Чүй менен Фучик көчөсүнүн кесилиши, ошондой эле Профсоюз көчөсү жабык болмокчу. Кечинде бийлик концерт уюштуруп, андан соң майрамдык салют атылат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев буга чейин Эгемендүүлүк күнү өлкө боюнча 40тан ашык ар түрдүү майрамдык иш чаралар пландалганын билдирген.

Бийлик Эгемендик майрамын өздөрү 2021-жылдын июнь айынын ортосунда жарыялаган коронавирустун үчүнчү толкунуна карабай белгилөөнү чечти. Былтыр коронавирустан улам көз эгемендиктин 29 жылдыгына багытталган бардык массалык иш-чараларга тыюу салынган. Бир гана Бишкектеги Ала-Тоо аянтында салтанат белгиленип, ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылуу жолдогон. Иш-чара онлайн форматта өтүп, бардык республикалык телеканалдар аркылуу өлкө аймагына көрсөтүлгөн.