COVID-19: Төрт киши каза болду, 142 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 1-сентябрда өлкөдө коронавирустун 142 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 70;

Ысык-Көл облусунда — 35;

Чүй облусунда — 18;

Баткен облусунда — 10;

Нарын облусунда — 6;

Жалал-Абад облусунда — 1;

Талас облусунда — 1;

Ош шаарында — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 290 бейтап айыгып, төрт киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 175 876га жетти. Оорудан 170 067 бейтап айыгып, 2 532 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 036 бейтап ооруканаларда, 795 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.