Жалал-Абаддагы «Адилеттүүлүк» укук коргоочу уюму Ноокен райондук соту 28 жаштагы жаранды 15 жылга эркинен ажыратканын билдирди.
Айыпкер кош бойлуу аялын кыйноого алып, денесине жүрөк формасындагы кызыган темир басып, күч колдонуу менен уят видеолорго тартып алган. Эгерде мазактаганын айтып даттана турган болсо интернетке чыгарарын айткан. Эгер ал башка эркек менен мамиле курууга батынса, өлтүрүп саларын айтып коркуткан.
«Бир жолу аялды башка чапкан, ал кулап түшкөндө колун артка кайрып, скотч менен чаптап салган. Андан соң үстүнө минип, алдын ала даярдап койгон ысытылган зым менен көкүрөгүнө “И” деген тамга басып, жамбашына жүрөк формасындагы эн түшүргөн. Ошол эле жүрөктү аялдын жыныс мүчөсүнүн үстүнө баскан. Зомбулукка кабылган учурда келин кош бойлуу болгон», — деп билдиришти укук коргоочулар.
Айыпталуучуга беш берене боюнча айып тагылды:
- «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер»;
- «Кыйноо»;
- « Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу»;
- «Адамдын жеке турмушунун кол тийгистигин бузуу»;
- «Бейбаштык».
Укук коргоочулар тергөө иштерине канааттанган жана соттун өкүмү менен макул, ал эми зордук көрсөткөн адам макул эмес — ал өкүмгө даттанууну көздөп жатат.
Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук
Акыркы бир нече жылда Кыргызстанда жылына 7000ге жакын үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып жатат. Ал эми зөөкүрдү жазалоо абдан татаал, жабыркаган аялдар кайсыл убакта болбосун өлүмгө дуушар болушу ыктымал. Ал тургай, кыйнап өлтүрүү фактысы дайыма эле «Адам өлтүрүү» беренеси менен жазаланбайт. Жазык кодексинде «Этиятсыздыктан адам өлтүрүү», «Ден соолугуна оор залал келтирүү» деген, эгерде окуя адам өлүмү менен аяктаса «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» деген беренелер бар.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча катталган фактылардын саны өсүүдө, бирок каттоого алынбаган учурлар абдан көп. Себеби жабырлануучулардын баары эле милицияга кайрылууга даяр эмес.
Мындан тышкары, үй-бүлөдөгү агрессорду жазалоо өтө эле кыйын — көпчүлүк иштер административдик жоопкерчиликке туура келгендиктен, күнөөлүү айып пул же коомдук жумуштарга тартылуу менен кутулуп кетет. Ошол эле учурда, зордукчу өзүнүн жазасыз экенин сезип, үй-бүлөлүк зомбулукту уланта берет.
Орто эсеп менен 10 жыл ичинде зомбулукка күнөөлүү деп табылгандардын 96 пайызы — эркектер, алардын көбү аялдарын урган күйөөлөр болуп эсептелет.
5 зомбулуктун 4 учурунда агрессорлор мас абалында болгон жана алардын көбү — жумушсуздар.
Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83%ы — жок дегенде бир жолу болсо да үй-бүлөсүндө психологиялык, физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул тууралуу Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.
Үй-бүлөдө ур-токмокко кабылган учурда эмне кылуу керек?
Эгерде сиз үй-бүлөңүздө дайыма ур-токмокко кабылсаңыз же туугандарыңыз, досторуңуз менен болгон ушундай окуяны билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү мыйзамга ылайык, милицияга кайрылышыңыз керек. Алар сиздин кайрылууну каттоого алып, жабырлануучуну коргоого алуу ордерин берүүгө милдеттүү. Мыйзам төмөнкүдөй ишке ашат:
Диний лидерлер ― мусулмандар, православдык христиандар, протестанттар, католиктер, бахайилер жана теңирчилер ― үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана анын кесепеттери менен өз жамааттарында күрөшүп келишет.