Нефтетрейдерлер: Кыргызстанда күйүүчү май кымбатташы мүмкүн

Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзу сентябрь айынан тартып өлкөнүн нефтетрейдерлери Орусиядан күйүүчү майды пошлина менен ала баштаганын билдирди.

«Орусиялык заводдордон күйүүчү май ташып келүүгө экспорттук бажы алымы колдонулат — бир тоннага 19,3 доллар», — деп түшүндүрүштү союздан.

Уюмдан күйүүчү майды ташып келүүдөгү бажы алымынан улам бензин 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн экенин эскертишти.

Нефтетрейдерлер күйүүчү май рыногунда эмне себептен ушундай кырдаал жаралганын түшүндүрүштү. Акыркы беш жылда Орусия пошлинасыз жеткирген күйүүчү майдын көлөмү өзгөргөн эмес, ал эми Кыргызстанда күйүүчү майга болгон суроо-талап жогорулаган.

Мындан улам, Кыргызстанга 2021-жылга карата индикативдик баланска* ылайык бөлүнгөн күйүүчү май үстүбүздөгү жылдын августунда колдонулуп бүткөн.

«Биз Энергетика жана өнөр жай министрлигине индикативдик баланстагы күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүү сунушу менен кайрылдык. Андан соң министрлик орус тарапка билдирме жөнөттү, бирок Орусия ички рыноктогу чектелген ресурстарга жана экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн экенине таянып, көлөмдү кайра кароодон баш тартты », — деп түшүндүрүштү бирикмеден.

*Индикативдик баланс — бул пошлинасыз жеткирилүүчү күйүүчү майдын көлөмү боюнча эки өлкө ортосундагы келишим. Эгерде бул баланс көбөйсө, чыгып жаткан күйүүчү майга пошлина салынат. Макулдашуу жыл сайын жаңыланып турат.

Нефтетрейдерлер күйүүчү майдын кымбатташы мүмкүн экенин эске алып, нефти боюнча колдонулбаган көлөмдүн эсебинен кайра бөлүштүрүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык нефти боюнча — 50 миң тонна жана дизелдик күйүүчү майдын балансындагы 50 миң тоннаны бензиндин пайдасына өткөрүү зарыл.

«Бул жергиликтүү компанияларга бажы алымынын ставкасын эске албай, бензинди дагы үч ай алууга мүмкүндүк берет », — деп жооп беришти нефтетрейдерлер.

Баалар биринчи жолу өсүп жаткан жок

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы (КНА) бензин менен дизелдик майдын баасы август айында жогорулашы мүмкүн экенин билдирген. Күйүүчү майдын кымбатташынын негизги себеби — орус заводдорундагы сатуу баасынын жогорулашы. Июнь айынан июлга чейин заводдордогу баа бензиндин бир тоннасына карата 70 долларга, дизель майынын бир тоннасына 60 долларга кымбаттаган.

КНАдан түшүндүрүшкөндөй, бул бензиндин бир литрине 5,5 сом, ал эми дизелдик майларга 4,2 сом кошот. Ошондой эле, ассоциация орусиялык заводдордун сатуу баасы 2021-жылдын башынан бери өсүп жатканын эске салды. Ошол кезде бензин пошлинасыз эле ташылып жаткан.

Ассоциациянын маалыматына ылайык, орус заводдорунун сатуу баасы бир нече себептерден улам өсүп жатат. Алардын бири — пандемиянын кесепетинен кыйраган дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүгө байланыштуу дүйнөлүк рынокто мунайдын баасынын кымбатташы.

Баанын өсүшүнүн дагы бир себеби, мунай азыктарынын узак мөөнөттүү жетишсиздиги жана өргүү мезгилиндеги суроо-талаптын жогорулашы болуп эсептелет.