Паралимпиада: Кыргыз спортчулары Токиодогу оюнун жыйынтыкташы

Кыргызстандын курамасы Паралимпиада оюндарынын ачылышында. Сүрөт: «Кабар» МА

Кыргыз спортчулары Арстанбек Базаркулов жана Хайитхон Хусан кызы Токиодо өткөн Паралимпиадалык оюндарын жыйынтыкташты. Тилекке каршы спортчулар медалга ээ болушкан жок.

Паралимпиадада дзюдочу Хайитхон Хусан кызы 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Ал биринчи кармашта казак спортчусуна жеңилип калды.

Ал эми Арстанбек Базаркулов паралимпиада оюндарында ядро түртүү боюнча катышып, 10-орунду ээледи. Базаркулов ядрону 7,92 метрге ыргыткан.

Паралимпиадалык оюндарга чейин Базаркулов Түркиянын Болу шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде алтын жана коло медалга ээ болгон.

Ал паралимпиадалык оюндарга лицензия алган биринчи кыргыз спортчусу. 2016-жылы Бразилияда өткөн Паралимпиада оюндарына катышып, ядро түртүү боюнча 9-орунду ээлеген.

Паралимпиадалык оюндар — майыптыгы бар адамдар үчүн өткөрүлгөн эл аралык спорттук мелдеш. Оюндар салт болуп калгандай Олимпиада оюндарынан кийин ошол эле жерлерде өткөрүлөт.