Референдумдан соң бери дегенде ар бир онунчу протокол добуш берүү аяктагандан кийин кайра жазылган. «Клооптун» дата бөлүмү бул референдумга катышкан шайлоочулардын санына жана добуш берүүнүн жыйынтыгына кандай таасир бергенин аныктады.
«Клооп» жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда эмнелер туура эмес болгону тууралуу материалдар топтомун жарыялайт.
11-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен катар Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн. «Клооп» шайлоого мониторинг жүргүзүү боюнча масштабдуу кампания өткөргөн. Анда 3000 байкоочу добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып, 800дөн ашуун мыйзам бузуу аныкталган. Алардын эң коркунучтуусу — участкаларда добуш берүү жыйынтыкталган соң, жазылган протоколдордун оңдолуп чыкканы болгон.
Биз кантип эсептедик?
«Клооптун» байкоочулары протоколдордун көчүрмөсүн 684 участкадан мөөрү менен кол тамгасынын сыясы куургай электе алган. Кийин ушул эле участкалардагы протоколдор БШКнын сайтына жарыяланды. Биз эки документтеги маалыматтарды салыштырып, 212 протокол оңдолуп, кайра жазылганын аныктадык.
Протоколдорду салыштырып жатып, өзүбүзгө эки суроо бердик: кайрадан түзүлгөн протоколдор референдумга катышкан шайлоочулардын саны менен жыйынтыгына таасир бердиби?
Протоколдордун үчтөн бири кайра түзүлгөн
Протокол — добуш берүүнүн жыйынтыгын бекиткен негизги документ. Адатта, добуштар кол менен саналган соң протоколго эч кандай өзгөртүү киргизилбеши керек. Бирок протокол толтуруп жатканда комиссия мүчөлөрү көп учурда ката кетирип алат. Анткени мыйзамда аныкталган процедураны бузуу менен толтурушат: ар бир жолу оңдоо киргизилгенде өзүнчө акты толтурулушу кажет, бирок комиссия мүчөлөрү бул талапка көңүл бурбайт. Байкоочуларга кайрадан жазылган протоколду көрсөтүшпөйт.
Төмөндө бир нече мисал келтиребиз:
№1020 участкасында биздин версиядагы протокол боюнча жокко чыгарылган бюллетендин саны — 11 болсо, БШКнын версиясында — 1372. Жокко чыгарылган — бул колдонулбаган бюллетендер. Добуш берүү аяктаганда башкалар колдонбош үчүн бюллетендердин учу кесилип, «жокко чыгарылат».
№2026 участкасында биздин версиядагы протокол боюнча шайлоочулардын жалпы саны — 1489, БШКнын протоколунда — 2489. 1000 шайлоочуга айырмаланат.
«Клооптун» юристтери тиешелүү процедураларды сактабай протоколдорду оңдогон участкалардын үстүнөн арызданган. Бирок БШК эч кимди жазалаган жок: көпчүлүк учурларда комиссия мүчөлөрүнө ооз эки түрдө эскертүү берилди.
Протоколдорду оңдоп, кайра түзүү эмне себептен коркунучтуу? Коңшулардын мисалында айтып беребиз
Протоколдорду кайра жазуу абдан коркунучтуу. Орусия менен Беларуста бул тажрыйбаны шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо үчүн колдонушат.
2019-жылы Татарстанда өткөн шайлоодо протоколдорго бийликчил «Единая Россия» партиясынын пайдасына добуштар кошулган — анда башка талапкерлер менен жараксыз бюллетендердин эсебинен бийликчил партиянын добушу көбөйтүлгөн.
Беларустагы президенттик шайлоодо 2020-жылы БШКнын расмий маалыматына караганда буга чейинки президент Александр Лукашенко жеңишке жеткен — ага шайлоочулардын 80%ы добуш берген. Атаандашы Светлана Тихановская болгону 10% добуш алганы айтылган — бул 600 миң добуш. Ал эми «Голос» кыймылынын маалыматына ылайык, көз карандысыз байкоочулар катышкан участкаларда Тихановскаяны колдогондор орто эсеп менен 113 эсеге көп болгон. Байкоочулар көз салган 5767 участканын ичинен 1310унда эле Тихановскага 471 709 адам добуш берген.
Бирок Беларус бийлиги фальсификацияны мойнуна албай келет, ал эми Орусияда мындай инциденттерди иликтөө сейрек болот: «Новая газета» акыркы он жылда өлкөнүн сотторунда болгону алты ушул тариздеги иш каралганын аныктаган.
Ал эми Кыргызстандачы?
Оңдолгон протоколго кайсы сандар, кандай негизде оңдолуп жазылганын байкап туруу мүмкүн эмес: мыйзамда көз карандысыз байкоочулардын протоколду кайра түзүүгө, процессти фото жана видео тартууга сөзсүз катышуусу зарыл экени жазылган эмес. Комиссия мүчөлөрүнөн бир гана нерсе талап кылынат — атайын акт түзүү керек.
Биз аныктаган учурлар боюнча актылар түзүлгөн эмес, бирок БШК баары бир деле протоколдорду оңдоону легитимдүү деп эсептейт жана көз карандысыз байкоочулардын доо арызын четке кагып келет.
Боршайком протоколдор техникалык катаралардан улам кайра жазылганын айтып жатат. Алар участкалар жабылып, байкоочулар үйлөрүнө тарагандан кийин кайра жазылган.
Процедура бузулганы үчүн эч ким жазаланган жок: мыйзамда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө эч кандай жаза каралган эмес.
Референдумга катышкан шайлоочулардын саны жетиштүү болгонбу?
Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгы жазылган протоколдорду анализдөөдө БШК жарыялаган добуш берүүгө келгендердин расмий саны чындыкка жакын экенин көрсөтүп турат.
Референдумга катышкандардын саны Бишкек шаарында өтө төмөн экени байкалган, бирок борбордо деле тийиштүү 30%дык босогодон өткөн.
Ал эми жыйынтык эмне болду?
Биз «макул» жана «каршы» добуштардын саны өзгөртүлгөн 19 протоколду аныктадык. Бул ажырым жалпы добуштун 0,25%ынан ашпайт, андыктан добуш берүүнүн жыйынтыгына оорчундуу деле таасир бербейт.
Бирок, бул фактынын өзү кооптонуу жаратат: Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыгын кайра жасоого болот — жана азырынча бул, мыйзамдуу эле көрүнүш.