ӨКМ: Кемин районунда 40 гектарга жакын токой өрттөнүп жатат

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Көк-Жар жана Борду коктуларындагы карагай, арчалардан 7-сентябрда кечинде өрт чыкты. Тилсиз жоо жайылган аймактын жалпы аянты 40 гектарды түзөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алгач Көк-Жар токоюнда куураган чөп жана чычырканактар өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине Кемин райондук №5 ӨКБден 28 куткаруучу, токой чарба кызматынан 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган.

Тилсиз жоо менен күрөшүү 8-сентябрда да уланып, таңкы саат 6:30да ӨКМден дагы 50 кызматкер, 30 куткаруучу, 100гө жакын жергиликтүү тургун, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинен 80 кызматкер жана Токой чарба агенттигинен 20 кызматкер өрттү өчүрүүгө тартылды.

Кийинчерээк ӨКМден өрт «адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан» деп билдиришти. Мекемеден токойдун шарты катаал болгондуктан «бул аймакта өрт менен күрөшүү чоң эмгекти талап кылат» деп белгилешти.

«Куткаруучулар ондогон чакырымды жөө басып өтүүдө. Кургакчылыктан улам токойлордогу жана тоо боорундагы чөптөр куурап, өрттүн келип чыгуу коркунучу өтө жогору. Мындай шартта, өрт коопсуздугун сактап, табият кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөөңүздөрдү өтүнөбүз», — деп билдиришти ӨКМден.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кошумча маалымат берилерин белгиледи.