COVID-19дун 100 жаңы учуру катталып, үч бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 11-сентябрда өлкөдө коронавирустун 100 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 55;

Чүй облусунда — 17;

Ысык-Көл облусунда — 10;

Жалал-Абад облусунда — 6;

Нарын облусунда — 5;

Баткен облусунда — 4;

Ош облусунда — 2;

Талас облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 146 бейтап айыгып, үч киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 177 083кө жетти. Оорудан 171 326 бейтап айыгып, 2 569 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 648 бейтап ооруканаларда, 1 086 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.