Бишкекте турак үйлөрдүн биринде Токио 2020 Олимпиада оюндарында күмүш медалды багындырган Айсулуу Тыныбековага арналган мурал пайда болду. Бул тууралуу Тыныбекова өзү фейсбук барагында билдирди.

Токио 2020 Олимпиада оюндарында күмүш медалды багындырган Айсулуу Тыныбекова. Сүрөт: Айсулуу Тыныбекованын фейсбук барагы

Муралды Кыргызстанда белгилүү DOXA Art-group арт-тобу даярдаган.

«Өлкөнүн ар башка булуң-бурчунда ажайып көрүнүшкө айланган DOXA’нын эмгектерин көптөн бери байкап жүрөм. Бардык сүрөттөрүнүн түсү туура жана так берилгени таң калтырбай койбойт! Өлкөбүздө стрит-артты өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымыңар үчүн рахмат! Бул абдан кооз жана дем берген индустрия!» — деп жазат Тыныбекова.

Тыныбекова август айында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш байге уткан. Тыныбековадан тышкары күмүш медалды балбандар Акжол Махмудов, коло медалды Мээрим Жумуназарова багындырган.