2021-жылдын апрелинде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум бир күндө өттү. БШК экөөнүн тең жыйынтыгын жарактуу деп тааныды, бирок бир айдан соң өлкөнүн ири шаарларында — Бишкек, Ош жана Токмокто өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Анын себеби — табышмактуу жол менен «референдумду айланып өткөн» көптөгөн мыйзам бузуулар болуп эсептелет. Чындап эле ошондойбу, «Клооп» иликтеп көрдү.

«Клооп» жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда эмнелер туура эмес болгону тууралуу материалдар топтомун жарыялайт.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланды. Шайлоо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум менен бир күндө өттү. Баш мыйзамдын жаңы долбоору президенттин ыйгарым укуктарын бир топ кеңейтти.

Алгач референдум дагы, шайлоо дагы өттү деп таанылды, бирок бир айдан соң БШК Токмоктогу, андан соң Оштогу жергиликтүү кеңештерди шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Акырында өлкөнүн борбору — Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Референдум деле байкоочулар өтө одоно мыйзам бузууларды каттаган участкаларда өткөнүнө карабай БШК референдумдун жыйынтыгын кайра кароодон баш тартты. Анткени БШК «мыйзам бузуулар референдумга» тиешеси жок деп эсептейт.

«Референдум — бул өзүнчө шайлоо: урналар, тизмелер, протоколдор ар башка, — деп түшүндүрдү Токмок АШКсынын экс-төрайымы Жайнагүл Аманова. — Референдум — жалпы элдик добуш берүү, кайсыл жерден кааласаң ошол жерден добуш бере аласың, ал эми жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жергиликтүү аймактын өкүлдөрү гана добуш беришет. Ошол себептен анын референдумга тиешеси жок».

Чын эле ошондойбу? Токмок, Ош жана Бишкек шаарларында шайлоо участкаларындагы мыйзам бузуулар жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгына таасирин тийгизе алдыбы?

*Бул материалда биз Бишкек шаарын караган жокпуз, анткени борбор калаадагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруунун формалдуу себеби Ош жана Токмок шаарынан айырмаланып, участкалардагы чуулгандуу окуялар эмес, айрым партиялардын мыйзам бузуулары болгон.

Массалык каттоого алуу жана референдум. Байланышы барбы?

Шайлоодон кийин дароо эле бир нече саясий партия Токмок шаарында шайлоочуларды массалык каттоого алуу фактысы боюнча БШКга арыз менен кайрылган. Анда авторлордун маалыматына ылайык, добуш берүүгө чейин ондогон адам каттоого алынган даректердин тизмеси көрсөтүлгөн.

Арыз менен кайрылгандар кыймылсыз мүлктүн ээлери партиянын мүчөлөрү, алардын тууган-уругу жана үгүтчүлөрү экенин көрсөтүшкөн. Мисалы, Токмокто партиялардын биринен депутаттыкка талапкер болгон жаран өзүнө тиешелүү батирге 90 адамды каттоого тургузган.

Башында Боршайком бул арыздарга эч кандай чара көргөн эмес. Бирок үч жума өткөндөн кийин, 4-майда Токмоктогу жети шайлоо участкасынын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган участкаларда 5,5 миңге жакын адам добуш берген, алардын 600дөн ашыгы жакында эле каттоого турган жашоочулар болуп чыкты.

Массалык каттоо деген эмне?

Мисалы, Асан аттуу шайлоочу бар дейли. Ал Токмок шаарынан алыс эмес Садовое айылында жашайт. Асанга Токмокко барып «Чай сүйүүчүлөрү» партиясына добуш берүү үчүн, айылда каттоого алынган жерин шаарга өзгөртүүнү сунушташты. Ал үчүн, балким ага акча, чай сунушташкан чыгар. Же болбосо ал партияда тааныштары, досу же туугандары болгон үчүн добуш берүүгө макул болгон. Токмок шаарында шайлоонун алдында Асанга окшоп «Чай сүйүүчүлөрү» партиясына добуш берген жүздөгөн шайлоочу кайдан-жайдан пайда болот.

Токмок шаарында жалпысынан 16 миң шайлоочу бар. БШК добуштардын 34%ын жокко чыгарган, ал эми ал шаардагы бардык добуштардын жокко чыгарылышына алып келген.

Биз шайлоо алдында Токмокко көчүп келген — балким кагаз жүзүндө эле — жарандар референдумда кантип добуш бергенин аныктоону чечтик. Анткени, массалык каттоо добуш берүүгө келгендердин санына таасир этет.

Эмнеге шайлоого катышкандардын саны абдан маанилүү?

Референдумду өттү деп таануу үчүн добуш берүүгө 30%дан кем эмес шайлоочу келүүгө тийиш. Кандай добуш бергени маанилүү эмес: Кыргызстанда «каршы» варианты эч качан жеңген эмес.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны — олутту көрсөткүч, анкени шайлоочулардын электрондук идентификациясы жана автоматтык эсептөөчү урналар киргизилгенден тартып, референдумга келгендердин саны кескин төмөндөп кеткен. Бийлик болсо Конституцияга добуш берүүнү башка шайлоолор менен бир күндө өткөрүп, амалкөйлүккө бара баштады.

Балким, биздин Асан өзүнүн айылында референдумга добуш бергени барбайт болчу. Бирок ал Токмоктун «Чай сүйүүчүлөрүнө» жардам берүү менен президент Жапаровдун жаңы ыйгарым укуктарына да добуш берген.

«Резинадай» батирлери бар жети участкадагы добуш берүүчүлөрдүн санын салыштыруу менен, иш жүзүндө сандар бири-бирине дал келет деген жыйынтыкка келдик. Жүздөгөн шайлоочулардын ичинен саналуу гана адам референдумга добуш берүүдөн баш тарткан.

Ош шаарында массалык каттоого алуу фактысы беш участкада болгон. Жыйынтыктары ошол эле: шаарга мыйзамсыз каттоого алынган «жаңы тургундар» депутаттардан тышкары референдумга да добуш беришкен.

Партиялардын акчасы референдумга кандай таасир этет?

Түздөн-түз таасир этет. Ош шаарындагы алты участкада байкоочулар добуш сатып алуу учурларын каттап алышкан. Жыйынтыгында БШК ал участкалардагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Бирок, бирөөлөр суранганы үчүн эле шайлоого келген Асан эсибизде да. Шаарда акча үчүн гана шайлоого катышкан Азат менен Илиястар жүздөп саналаарын божомолдоо эмнеге болбосун? Аларга участкадан референдумдун бюллетенин берип, добуш берүүгө үгүттөп, балким мажбурлашкан — ошентип, референдумга катышкандардын саны көрсөтүлгөн чекке жеткен чыгар.

Бирок референдум жалпы элдик добуш берүү болуп саналат да. Көйгөй эмнеде?

Токмок АШКсынын экс-төрайымы Жайнагул Аманова Кыргызстандын ар бир жараны өзү каалаган жеринде добуш берүүгө укугу бар экенин айтат. Бирок референдум жөнүндө мыйзамда так жазылган — аскер кызматкерлери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарда жашаган адамдар гана катталган жери эмес, жашаган жери боюнча добуш бере алат.

Бул тизмеде көрсөтүлгөндөрдөн башкасы катталган жеринде — өздөрүнүн участкаларында добуш берүүгө тийиш.

Ош дагы, Токмок дагы жетүүгө кыйын аймактарга кирбейт. Демек АШКнын экс-төрайымынын аргументтери мыйзамга каршы келет.

Шайлоодо басым жасоого болбойт, референдумда — каалашыңча

Ош шаарынын дагы тогуз участкасында добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыктан шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан — шайлоо күнү урна менен кабинанын жанында чочун адамдар турушкан, негизи, жада калса шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жакын баруусуна тыюу салынган.

Дагы үч участкада шайлоочу менен байкоочуларга басым болгондуктан, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Добуш берүү ошол эле убакта, ошол эле имаратта өткөнүнө карабастан, бул чечимдер референдумдун жыйынтыгына таасирин тийгизген жок.

«Бул эки башка процесс, болгону бир эле участкада өтөт», — деп түшүндүрдү «Клоопко» Бишкек АШКсынын мурдагы төрагасы Кайрат Маматов. Бирок шайлоодогу басым менен референдумга басымдын айырмасын түшүндүргөн жок.

Мыйзам бузууларды туура квалификациялоо чеберчилиги — пайдалуу жөндөм. Учурда Маматов Боршайкомдун мүчөсү.

БШКнын аргументтери түгөнгөндө

Ошентсе да, БШК референдумдун жыйынтыгын да жокко чыгарууга аргасыз болгон бир учур болгон.

Көчмө добуш берүү күнү Бишкектеги №1343 участогунда үй башчылары менен милиция шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кирген подъездге «Клооптун» байкоочусун киргизбей койгон. Шайлоонун байкоочуларсыз өткөнү, шайлоонун да, референдумдун да жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп боло алат.

Дагы 20 участкада референдумдун жыйынтыгы протоколдордогу дал келбестиктерден улам жокко чыгарылган. Текшерүүдөн өткөн шайлоочулардын саны бюллетень алгандардын санынан аз болуп чыккан. Идентификациялык чек тууралуу БШК эч нерсе дей алган жок.

Кызыксыз референдум

Бийлик бекеринен добуш берүүгө келгендердин санына тынчсызданып, референдумду өлкө үчүн маанилүү шайлоолор менен бирге өткөрүп жаткан жок. Антпесе, Конституция боюнча добуш берүүгө эч ким келбей коюшу да мүмкүн.

Өлкө үчүн маанилүү болгон конституциялык суроолор жада калса саясатчыларды да кызыктырбайт. БШКга берилген арыздардын ичинен 2,5% гана референдумга тиешелүү болгон, калгандары — партиялардын бири-бирине болгон арыздануулары.

Алардын өжөрлүгү жемишин берди: Боршайком Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өткөрдү.

Кайра добуш берүү чечимин жарыялоого БШКны ким мажбур кылды жана комиссия текшерүүнүн жыйынтыгын кайра шайлоо боюнча буга чейин даяр болгон чечимге кантип ылайыкташтырганын биздин кийинки макаладан окуңуз.

Авторлор: Айгерим Казыбаева, Айзирек Алмазбекова,

Гульзар Маратбек кызы, Аяна Сыдыгалиева.

Кыргызчалаган: Найзабек Мукамбетов

Дагы окуңуз:

Эмнеге Кыргызстанда референдум шайлоо менен бир күндө өтөт?