Штаб: Коронавирустун 81 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду

Республикалык штабдын 15-сентябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 81 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары - 32;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Нарын облусу - 3;
  • Баткен облусу - 3;
  • Ош шаары - 2;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу - 2.

Ошондой эле, акыркы суткада 117 бейтап илдеттен айыгып чыкты.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпы 177 389 киши ооруну жуктуруп, анын 171 767си айыкты. Коронавирустан жалпы 2578 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 603 бейтап дарыланып жатат. Ал эми 978 адам үй шартында дарыланууда.


Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.