COVID-19: 95 жаңы учур катталып, үч адам каза болду

Өлкөдө 16-сентябрда коронавирустун 95 жаңы учуру катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек - 57;
  • Чүй облусу – 23;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Ош шаары - 2;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ош облусу – 0;
  • Талас облусу - 0;
  • Баткен облусу - 0.

Мындан сырткары, акыркы суткада 135 адам коронавирустан айыгып чыкты. Өлкөдө COVID-19 дартынан айыккандардын жалпы саны 171 902ге жетти. Ал эми учурда 594 киши ооруканада, 941 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, акыркы суткада үч киши бул оорудан каза болду. Пандемия башталгандан бери 2581 адам вирустан көз жумду.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 5158 адам, ал эми 9089 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.