Ысык-Көлдө туристтердин тоо текеге аңчылыгы мыйзамдуу болгону айтылды

Акыркы күндөрү соцтүйүндө туристтердин Ысык-Көл облусунун тоолорунда ок жеген тоо текенин жанында түшкөн сүрөттөрү тарады. Бул сүрөттөр коомдо нааразылык жаратты. Кыргызстанда тоо текенин саны болжол менен 40 миңден ашат. 

Тоо текеге аңчылык кылууга аңчылык уюштуруучу фирманын уруксат квотасы болгон учурда жол берилет. Андан тышкары, аң улоо маалына туура келүүгө тийиш. 2021-жылы аңчылык мезгили августта башталып, декабрда аяктайт.

Тоо теке кызыл китепке кирбегени менен, мыйзамсыз атуу минкабдын токтомуна ылайык 100 миң сом штраф менен жазаланат. Жаныбардын жашы канчада экенине карабастан айып салынат.

Экология жана климат боюнча мамкомитеттен «Клоопко» билдиришкендей, туристтердин аңчылыгы «мыйзам чегинде каралган тартипте жүргүзүлгөн».

Ал эми туристтер үчүн аңчылык уюштуруп берген Тур Хан Тенгри туристтик фирмасы жагдай боюнча түшүндүрмө берди.

Турфирманын маалыматы боюнча, тоо текеге аң уулоо иши мыйзам менен жөнгө салынып, Экология жана климат боюнча мамкомитет тарабынан көзөмөлдөнөт. Ведомство аң уулоого инспекторун кошуп жиберет, ал аңчылар атууга берилген квотадан ашып кетпешине көз салат.

«Мергенчилер кары текелерге гана аңчылык кылышат. Себеби карыган текелердин мүйүзү узун болот. Ошол эле учурда, алардын аргындашуу жөндөмдүүлүгү кыйла азаят же жок болот. Ошентип, карыган текелерди жок кылуу, жаш текелерге аргындашууга жол ачып, жаныбарлардын санынын көбөйүшүнө алып келет», — деп билдиришти фирмадан.

Ошондой эле фирманын маалыматына ылайык, тоо текелерин атууга квота аз өчөмдө гана берилет.

«Мисалга алсак, 900 жаныбары бар чарбага болгону 20нын айланасында квота берилет. Бул сан жарым пайызга дагы жакындабайт», — деп билдирет турфирма, чарбалар браконьерлерден дагы корголорун кошумчалап.

Мындан тышкары, турфирма лицензия үчүн түшкөн каражаттын 25%ы аңчылык болгон аймактын бюджетинде каларын, 35%ы аңчылык департаментинин ишмердүүлүгүнө жумшаларын, ал эми 40%ы аңчылык болгон аймакты калыбына келтирүүгө жумшаларын билдирди.