Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев «Биринчи Радионун» эфиринде президент Садыр Жапаровдун ишин сындоо жана анын отставкасын талап кылуу «83% элдин бетине түкүрүү» менен барабар деп билдирди.
«Биздин коомдо ээн ооз адамдар пайда болду. Аларды укук коргоо органдары алып келип суракка алса эле укугумду бузуп жатат деп чыгат. Бирок ошол эле убакта ал ээн ооздугу менен жалпы элдин укугун бузуп жатканы менен иши жок. Мисалы, биз президентти шайладык — 83% эл добуш берди. Анан туурадан чыга калган бирөө: “Эй, сен иштей албай атасың, кет”, — дейт [...]Ошондо ал 83% элдин бетине түкүрүп жатканын ойлобойт. Ал президентти эмес, элди шылдыңдап жатат», — деген ал.
Абыкеевдин пикиринде, «экономикалык жана руханий жактан» өсүп, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулгубуз келсе «мыйзам диктатурасын орнотуу» керек. Ал «ушинтип кубалашып, сен жаман деп жыл сайын чоң-чоң митингдерди өткөрө берсе» мамлекет өнүгүү жолуна түшпөйт деп эсептейт.
Абыкеевдин айтымында жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, президент «мыйзам бузуп» жана «начар иштеп жатса» ага импичмент жарыялоого болот.
Абыкеевдин айткандары эмне себептен туура эмес?
Биринчиден, мамлекеттик катчы президентке 83% эл добуш бергенин кайдан алганы белгисиз. Улуттук статкомдун маалыматына караганда, Кыргызстанда 6,6 млн калк жашайт. Анын ичинен 3,5 миллиону шайлоочу деп саналат (БШКнын 2021-жылдын январына карата маалыматы) — башкача айтканда, добуш берүүгө укуктуу.
2021-жылдагы президенттик шайлоодо добуш берүүгө катышкандардын саны 37, 75%ды түзгөн. Булардын ичинен Садыр Жапаровдун талапкерлигин 79,2% шайлоочу колдогон. Бирок шайлоого келгендердин ичинен гана.
Андан тышкары, учурдагы өлкө башчысы демилгелеген жаңы Конституцияны референдумда 79,3% добуш берүүчү колдогон. Башкача айтканда, бул жалпы элдик добуш берүүгө катышкандардын пайыздык көрсөткүчү.
Референдумга жапы добуш берүүгө укуктуу жарандардын 36,6% гана катышкан.
Экинчиден, жаңы Конституцияга ылайык, президентке импичмент жарыялоо мурдагыдан алда канча кыйын. Мурда өлкө башчысы ээлеген кызматынан баш тартуусу үчүн парламент президент кылмыш кылганы тууралуу айып тагып, андан соң башкы прокурор айыптоолорду өзүнүн жыйынтыгы менен тастыктап бериши керек болчу.
Жаңы Конституция боюнча, башкы прокурордун жыйынтыгынан тышкары, жаңы органдын — Конституциялык соттун* чечими керек.
*Ошол эле учурда, өлкө башчысы парламенттин жана Соттор кеңешинин макулдугу менен Жогорку сот менен Конституциялык соттун төрагаларын дайындайт.
Ал эми өлкө башчысы президенттик кызматтан баш тартышы үчүн парламентарийлердин үчтөн экиси добуш берүүгө тийиш. Мурда көпчүлүктүн добушу жетиштүү болчу.