COVID-19дун 86 жаңы учуру катталып, үч бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 18-сентябрда өлкөдө коронавирустун 86 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 54;

Ысык-Көл облусунда — 14;

Чүй облусунда — 13;

Нарын облусунда — 2;

Жалал-Абад облусунда — 1;

Ош шаарында — 1;

Талас облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 96 бейтап айыгып, үч киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 177 653кө жетти. Оорудан 172 111 бейтап айыгып, 2 586 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 586 бейтап ооруканаларда, 900 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.