Коронавирустун 89 жаңы учур катталып, эки адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдын 21-сентябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 89 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары-53;

Чүй облусу - 17;

Ысык-Көл облусу - 6;

Жалал-Абад облусу - 6;

Баткен облусу - 3;

Талас облусу -2;

Нарын облусу - 1;

Ош облусу - 1.

Ошондой эле, акыркы суткада 108 бейтап илдеттен айыгып чыкты.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпы 177 869 киши оору жуктуруп, анын 172 369 айыкты. Коронавирустан жалпы 2592 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 571 бейтап дарыланып жатат. Ал эми 865 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.