АКШ Бурана мунарасын калыбына келтирүү үчүн 200 миң доллар берди

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Чүй облусундагы Токмок шаарына жакын жайгашкан Бурана мунарасын оңдоп жана калыбына келтирүү боюнча долбоорун ачты. Бул тууралуу мекеме 24-сентябрда билдирди.

Бул күнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги мунараны сактоо боюнча долбоорунун ачылыш аземин өткөрдү. Ага мамкатчы Чолпонбек Абыкеев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана «Бурана мунарасы» музей комплексинин өкүлдөрү катышты.

«Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал дагы миң жыл бекем турат деп үмүттөнөбүз», — деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Дипөкүлчүлүк долбоорду толугу менен АКШ өкмөтүнүн «АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фонду» каржылап жатканын дагы билдирди. Ал 200 миң доллар бөлдү.

Элчиликтин маалыматына ылайык, долбоорду Чолпон Турдалиева жетектеген Музейдик демилгелер коомдук биримдиги борбору Кыргызстандын маданият министрлиги, Эл аралык эстелик фондунун америкалык эксперттери жана Борбордук Азиядан келген жергиликтүү эксперттер менен биргеликте ишке ашырат.

«Адистер Бурана мунарасынын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдарын жер титирөөдөн коргойт. Долбоор ошондой эле Маданият министрлигинин жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин кызматкерлери, кураторлор жана реставраторлор үчүн семинарларды жана мастер-класстарды камтыйт», — деп белгилешти дипломатиялык өкүлчүлүктөн.

«АКШ элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фонду» 2001-жылы АКШнын Мамдепартаменти тарабынан негизделген. Бул фонд аркылуу департамент жыл сайын дүйнө жүзү боюнча мадания мурастардын уникалдуу объектилерин коргоого багытталган долбоорлорду каржылайт.

Буга чейин AFCP фонду Өзгөндөгү күмбөздү, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн калыбына келтирген. Жалпысынан фонд Кыргызстанда маданий мурастарды сактоо үчүн 500 миң доллар берген.

Бурана мунарасы X-XI кылымдарда курулган. 2014-жылы ал ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастары тизмесине кирген. Мунара мамлекет тарабынан корголот.