Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова

«Кечээ күнү жамгыр жаап, бул жер урап калабы деп ойлодум», — дейт Ош облусунун Өзгөн районундагы Мансур Ибраимов атындагы №41 мектептин директору кыйшайып калган окуу корпусун көрсөтүп. «Муну жашырганда эмне? Көрсөтүш керек. Баары көрсүн».

Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова
Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова
Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова

«Балдарыбыздын окугусу келет, бирок мүмкүнчүлүктөрү жок», — деп муңкайды ал. «Жашкы, заманбап мектепте окугулары келет. Албетте арызданышат. Шарттары жок. Кышкысын куртка, топу кийип отурушат».

Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова
Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова
Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова

1932-жылы курулган мектепти ӨКМ 2004-жылы эле авариялык абалда деп таанып, «жаңы мектеп курулушу керек» деген корутунду чыгарган. Бирок курулушу ордунан жылбай турат. Математика жана информатикададан сабак өткөн окутуучу Динара билим берүү министрлигине, Жогорку Кеңешке жана чет элдик донорлорго барып, ар башка инстанциялардын эшигин каккылап жүргөнүнө 5 жылдан ашты. «Канча чуркадым. Бул мектеп үчүн корком. Азыр да чуркап жүрөм».

Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова
Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова
Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова

Эки жыл мурда балдар Орусияда эмгектенип жүргөн жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө окушкан. Бирок кожоюндары келип, үйдү бошотуп берүүнү суранышкан. Айыл өкмөтү чатыр же боз үйлөрдү тигүүнү сунуштаган. «Чатырда коопсуз, бирок суук да. “Кудай сактасын” эми деп окуйбуз да», — деп чечишип, авариялык имаратка кайтып келишкен. Окуучулар акырындык менен коңшу айылдагы же Өзгөндөгү мектепке которулуп жатышат — юул жакта калгандан коркушат.

Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова
Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова
Сүрөт: Жүзүмкан Асхатбекова

«Шыпты көргүлөчү, жакында бул урап түшөт, — дейт директор. — Баары кыйрап, баары урап түшүп калганда эле ордунан жылбаса...».


Тема боюнча:

Кара-Суу: 1-класстар жер титирөөдөн соң авариялык абалга келген мектепте окуп жатышат