Коронавирус: Сутка ичинде илдеттен бир бейтап көз жумду, 56 жаңы учур катталды

Акыркы суткада коронавирус жуктурган бир бейтап көз жумду, саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, маркум вакцина алган эмес. Ошондой эле, вирус жуктуруунун 56 жаңы учуру катталды.

Анын ичинен 29 учур Бишкекте катталса, Чүй облусунда — 10, Ысык-Көлдө — 11. Жалал-Абад облусунда төрт адам оору жуктурган. Ош шаарында жана Ош облусунда бирден адам коронавируска кабылган. Нарын, Талас жана Баткен облустарында оору жуктурган жаңы учурлар катталган жок.

Ошондой эле, сутка ичинде 84 адам айыгып чыкты. Ооруканада 508 киши дарыланууда.

Акыркы суткада 7 266 адам вакцина алды, анын ичинен 3 891 биринчи дозаны, 3 375и экинчи дозаны алды.

Пандемия башталгандан бери 178 258 адамга илдет жуккан. Анын ичинен 172 848 киши айыгып, 2600 адам кайтыш болгон.