Өткүрбек Рахманов: Ташиев «Кумтөр» маселесин чечүү үчүн Женевага учуп кетти

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» маселесин чечүү үчүн Швейцариянын Женева шаарына учуп кетти. Бул тууралуу «Регион ТВ»* каналынын директору Өткүрбек Рахманов билдирди.

«Регион ТВ» телеканалын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет. «Региондун» башкы редактору Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулуга берген маегинде телеканал Ташиевге караштуу экенин тастыктаган.

Өткүрбек Рахмановдун Ташиевдин сапары тууралуу постунун скриншоту.

Рахмановдун айтымында, Ташиев 27-сентябрь туулган күнүнө карабай «Кумтөрдүн тагдырын чечкени» учуп кетти.

«“Кумтөр” боюнча тагдыр чечээр күн келиптир. Сапары байсалдуу болуп, кыргыз элинин ырыскысын кайтарса экен», — деп жазган Рахманов.

УКМКнын басма сөз кызматы Ташиевдин Женевага сапары тууралуу маалыматка комментарий бере элек.