Секс, зордуктоо Кыргызстанда дагы деле тыюу салынган темалардан. Өзү азгырган же чагымчылдык кылган деп күнөөнү сексуалдык зомбулукка кабылган аялга оодара салган учурлар дагы деле кездешет. «Медиазона» жана «Клооп» акыркы 6 жыл аралыгында Кыргызстанда чыккан сот өкүмдөрүн талдап, ким, кандай шартта зордуктоого барарын изилдеп чыкты.

Иллюстрация: Арина Истомина / «Медиазона»

Наргиза* (аты-жөнү өзгөртүлдү) түнкү саат 11лер чамасында Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-2 калктуу конушундагы аялдаманын жанынан өтүп баратканда бейтааныш эркек киши кол салган. Ал кыздын мойнуна бычак такап, жакын арадагы жаңы салынып жаткан үйлөрдүн бирине алып барып зордуктаган. 2019-жылдын июнь айында Бишкектин Ленин райондук соту айыпталуучуну 9 жылга эркинен ажыраткан.

*Документте жабырлануучу менен зордуктаган кылмышкердин жеке маалыматтары болгондуктан, мындан ары өкүмдөргө шилтеме берилбейт.

Зордуктоо көпчүлүк учурда ушундай сценарий менен жасалат деген ой келет. Бирок иш жүзүндө андай эмес. «Медиазона» жана «Клооп» акыркы алты жылда чыккан сот өкүмдөрүн изилдеп чыгып, кыргызстандык аялдарды көпчүлүк учурда тааныштары зордуктайт же зордуктоого аракет кылат деген жыйынтыкка келген. Зордуктоо тууралуу беш факты болсо, бирөөндө гана кылмышкер жабырлануучу менен тааныш эмес болгон.

Изилдөө көпчүлүк учурда кол салган адам жабырлануучуну аялуу тааныштарынын арасынан тандап аларын көрсөткөн: кичинекей бала же өспүрүм (32 иш), жабыр тарткан адам үйдө жалгыз болгон (20 иш), аял киши жалгыз жашаган (7 иш), майыптыгы бар (5 иш) же мас абалда болгон (12 иш).

Мисалы, Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочусу Болот (аты-жөнү өзгөртүлдү) таңга маал үйлөнүү тойдон келаткан. Ал мас болчу, жолдон улуу агасынын аялы Айгүлдүкүнө кире кетмек болот. Ал жеңесинин жаш балдары менен жалгыз жашаганын, байкеси Орусияда эмгектенип жүргөнүн жакшы билчү.

«Ал балдарын уктатып, өзү жаңы эле жаткан. Саат таңкы 4тө кире бериштеги эшик катуу ачылганда ойгонуп кеткен. Бөлмөгө кирип келген эркек киши кекиртектен алып, жерге жыккан. Аял каршылык көрсөткөн, бирок зордукчу бир колу менен анын мойнун кысып, экинчи колу менен зордуктоо үчүн шымын чечүүгө аракет кылган. Айгүл уулуна кошуналарды чакыр деп кыйкырган», — деп жазылган сот өкүмүндө.

Бала эшикке чуркап чыккан. Аял киши жардам сурап кыйкырганын токтоткон эмес. Болот коркконунан үйдөн чыга качкан. Кадамжай райондук соту 2018-жылы айыпталуучуну үч жылга эркинен ажыраткан.

Өз үйүнөн зордукталган

Тышкы коркунучтардан жашынуу үчүн эң ыңгайлуу жана коопсуз жер деп өз үйүбүз саналат. Бирок өкүмдөрдү талдоо көрсөткөндөй, зордуктоо же зордуктоо аракетинин үчтөн биринен көбү жабырлануучунун үйүндө жасалган.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай (аты өзгөртүлдү) аттуу тургуну достору менен ичкилик ичип, таңга маал жалгыз жашаган таанышынын үйүнө келген.

«Мен мурда өзүм жактырып жүргөн Жазгүлдүн (аты өзгөртүлдү) үйүнүнүн тушунан өтүп бараткам. Үйдө жарык күйүп туруптур, башыма жаман ой келди — зордуктагым келди. Мен үйдөгү жарыкты өчүрүш үчүн электр эсептегичти талкалап, дубалдан секирип түшүп, Жазгүлдү үйүнөн сүйрөп чыктым. Зордуктоого аракет жасадым», — деген Бакай сот отурумунда.

Жабырлануучунун айтымында, эң алгач Бакай терезеге кадалган торду алып ыргытып, үйгө кирүүгө аракет кылган. Андан кийин үйдүн арткы эшигине келген. Жазгүл эшиктин туткасын ичинен бекем тартып, кармап калам деп ойлогон, бирок ал эшикти Жазгүл менен кошо жулуп алган. Андан соң аны бир нече жолу башка тээп, эч кимге чалбасын деп телефонун сындырып салган.

«Андан кийин күч менен халатын чечип,эмчек тарткычын айрып салган. Ал зордукчул аракетин кылып жатканда, үйдүн дарбазасына бирөө жардамга келип калган. Бакай телефондун жарыгын көрүп, кылмыш болгон жерден качып жөнөгөн», — деп айтылган сот өкүмүндө.

Талас райондук соту 2017-жылдын сентябрында жабырлануучу тарап дооматынан баш тартакандыктан ишти кыскарткан. Айыпталуучуга аялга келтирген материалдык зыяндын ордун толтуруу милдеттендирилген — электр эсептегич менен менен терезенин торун калыбына келтирген.

Иллюстрация: Арина Истомина / «Медиазона»

Канча иш кыскарат жана себеби эмнеде?

Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, Кыргызстанда жыл өткөн сайын зордуктоо фактысы менен козголгон иштердин саны көбөйүүдө. Ага ылайык, 2011-жылы 331, 2020-жылы — 673 иш козголгон. Аны менен бирге кыскартылган иштердин саны дагы көбөйүүдө. Эгерде он жыл мурда 47 иш кыскартылса, 2020-жылы 586 иш кыскартылган — 85%дан ашуун.

Ал тургай, соттордо зордуктоо боюнча кылмыш ишин кароо токтотулган учурлар да көбөйгөн. Жогорку соттун статистикасына ылайык («Медиазона» сурам кылып алган), акыркы он жылдын ичинде Кыргызстандын соттору «Зордуктоо» беренеси менен 2,7 миңден ашуун ишти карап чыккан. Ошол эле убакыттын аралыгында зордуктоого айыпталган 1 009 жарандын иши кыскарган.

«Медиазонанын» Жогорку Соттун өкүмдөр тууралуу маалымат базасынан алган эсептөөсүнө таянсак, акыркы 6 жылдын ичинде зордуктоого байланышкан кылмыш иштердин 29%ы кыскарган. Журналисттер изилдеген 301* өкүмдүн ичинен 79 иш тараптардын жарашуусуна байланыштуу кыскартылган.

*Иштердин жалпы саны 329ду түзгөн, бирок бул жерде 2019-жылдын январында күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза кодекси боюнча зордуктоо үчүн жазаны жеңилдетүүгө байланыштуу камактагылардын мөөнөтү кайра каралган иштер алынып салынган.

БУУнун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) изилдөөсүнө ылайык, 2012-2015-жылдары Кыргызстандагы зордуктоо фактысы боюнча козголгон 756 иштин 358и кыскарган — көпчүлүгү эки тараптын элдешүүсүнөн улам.

«Шанс» кризистик борборунун адиси Адинай Жапаралиева бул тенденцияны зордукталгандар айыпталуучунун туугандары, ал тургай укук коргоо органдары тарабынан «өтө катуу басымга» дуушар болуусу менен түшүндүрөт.

«Биринчиден, аялга укук коргоо органдары ишенбейт, шексинген мамиле жасашат. Башкача айтканда, виктимизацияга кабылат. Тергөөчүлөр: “Ал жерде эмне кылып жүргөн? Эмнеге бейтааныш жигит менен жолуккан? Кандай кийим кийип жүргөн? деген суроолорду бере баштайт. Ал эми айыпталуучу тергөө абагына камалаар замат, анын туугандары жабылат: жабырлануучуну куугунтуктап, телефон чалып, үйүнө келип коркутуп башташат», — дейт Жапаралиева.

Иллюстрация: Арина Истомина / «Медиазона» 

Укук коргоочу жылдар бою созулган соттук териштирүүлөр, андагы бюрократия зордуктоонун курмандыктарын чарчатат деп кошумчалайт. «[Териштирүү учурунда] жабырлануучу психикалык жана физикалык жактан чарчап калгандыктан, ушул адамдардан оолак болуу үчүн жөн эле [дооматым жок деген] арыз калтырып, баарын жыйыштыргысы келет», — дейт адис.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, зордукчул эң аз дегенде 5 жылга эркинен ажыратылат. Ал эми жашы жете электи зордуктаса, айыпталуучу 10 жылга кесилет.

Жогорку Соттун өкүмдөрүнүн маалымат базасында акыркы алты жыл ичинде 179 иш боюнча гана жаза мөөнөтү жана жазанын өзү көрсөтүлгөн. Өкүмдөрдү талдоодо зордуктоого айыпталгандар орто эсеп менен 9,5 жылга эркинен ажыратылары аныкталды. 179 иштин ичинен шарттуу түрдө кесилгендер төрт адам, төрт учурда зордуктоого айыпталгандар акталып, зордуктоого аракет кылган деп айыпталган бир адамга 60 миң сом (700 доллардан ашык) айып салынган. Болгону 9 айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылган.

Юрист Фатима Якупбаева түшүндүргөндөй, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 26-беренеси судьяларга ишти кароону 14 негиздеменин негизинде токтотууга жол берет — анын ичине тараптардын элдешүүсү жана айыпталуучунун өлүмү кирет. Демек, айыпталуучулар жабырлануучу менен бир пикирге келип, жазадан кутулса болот.

Бирок Якупбаева тергөө баскычында зоруктоо боюнча кылмыш иштери ачык деп саналат жана милиция бойго жеткен жабырлануучунун каршы көрсөтмөсүнүн негизинде гана тергөөнү токтото алат.

«Медиазона» тергөө баскычында иштер кандай негизде токтотуларын тактоо үчүн Ички иштер министрлигине сурам жөнөткөн, бирок материал жарыяланган учурда ведомстводон жооп келген эмес.

Өнөктөштөр ортосундагы зордуктоо

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баалоосуна караганда, дүйнө жүзүндө ар бир төртүнчү аял өз өмүрүндө физикалык жана / же сексуалдык зомбулукту башынан кечирген. 15 тен 49 жашка чейинки аялдардын дээрлик үчтөн бири төшөктөгү өнөктөшү тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган.

Бирок, «Медиазонанын» изилдөөсү 136 иштин ичинен 11 учурда зордуктоо ошол учурда мамилеси бар болгон же мурдагы өнөктөшү тарабынан жасалганын көрсөттү. «Шанс» кризистик борборунун адиси Адинай Жапаралиева мындай аз санды аялдар мындай арыз менен милицияга кайрылуудан уялат деп түшүндүрдү.

«Бизде күйөөсү бар аялды жубайы зордуктаганын ачык айтуу салтка жатпайт. Эгер жубайы милицияга арыз жазса, анда аны мазакташат. Ал тургай, бул анын жубайлык милдети экенин айтышат», — дейт Жапаралиева.

Укук коргоочунун айтымында, дал ушул жубайлар аялдарын «бузуку» жол менен — күч колдонуп, психологиялык басым жасап зордуктайт. Мындан тышкары эркектер ар түрдүү буюмдарды колдонгон учурлар дагы болгон. «Күйөөсү аялын банан менен зордуктаган учурлар болгон. Бул тууралуу ал кантип милицияга барып айта алат?» — деп белгилейт адис.

Методология

«Клооп» Жогорку соттун сот актыларынын маалымат базасынан 2015-жылдын январынан 2021-жылдын июлуна чейин соттор тарабынан зордуктоо беренеси боюнча чыгарылган 329 өкүмдү жүктөп алды (эски Кылмыш кодексине ылайык — 129-берене, жаңы Кылмыш-жаза кодексине ылайык — 161-берене) . Сексуалдык мүнөздөгү ыплас зомбулук аракеттер, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо жана он алты жашка чейинки адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер изилдөөгө кирген эмес.

Жүктөлгөн 329 зордуктоо өкүмүнүн ичинен документтердин көбү жаңы кодекстердин күчүнө киришине байланыштуу соттун чечимин кайра кароо апелляциялык кайрылуулар болгон. (2019 -жылдын 1-январында Кыргызстанда Кылмыш кодексин кошкондо беш жаңы кодекс иштей баштаган. Жаңы документтерде кээ бир беренелер боюнча жаза жеңилдетилген. Буга байланыштуу абактагылар ишти кайра карап чыгуу үчүн аппеляциялык арыз менен кайрылуу укугуна ээ болгон).

«Медиазонанын» журналисти Айсымбат Токоева жана «Клооптун» кабарчысы Мундузбек Калыков жүктөлгөн өкүмдөрдүн баарын окуп чыгып, айыпталуучу, жабырлануучу, кылмыш болгон жер жана соттун чечими боюнча маалыматтарды камтыган таблица түзүштү. Болгону 136 өкүмдө иштин чоо-жайы кенен көрсөтүлгөн — зордукчу ким болгон жана кандай шартта кылмыш жасалган. Бул 136 иштин ичинен тогузу адамдардын тобу тарабынан зордуктоо боюнча болгондуктан биринчи графада 146 зордукчу бар. Өкүмдөрдүн көбү, 88 акт, биринчи инстанциянын чечимдери, калгандары — шаардык жана облустук соттордун өкүмү.

Мөөнөттөрдү саноо: Бир нече берене боюнча айыпталган иштерде зордуктоо үчүн гана чектелген мөөнөт, башка мөөнөттөр кошулганга чейинкиси алынды. Мисалы, айыпталуучу жабырлануучуну зордуктап, андан соң өлтүргөнү үчүн 20 жылга эркинен ажыратылган, сот аны зордуктоо үчүн 10 жылга, киши өлтүрүү үчүн 15 жылга эркинен ажыраткан. «Медиазона» жана «Клооптун» журналисттери изилдөөгө зордуктоо үчүн берилген жазаны — тагыраак айтканда 10 жылдык колонияны гана алган.

Автор: Айсымбат Токоева

Контрибьютор: Азиза Раимбердиева, Мундузбек Калыков/«Клооп»

Дата-редакторлор: Андрей Дорожный, Егор Сковорода


Материал «Кыргызстандагы Интерньюстун» Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен өнөктөштүктө Кыргызстандагы USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Media-K» долбоорунун дата-журналистика боюнча программасынын стипендианты тарабынан даярдалды. Программанын ментору Андрей Дорожный. Материалдагы пикирлер жана тыянактар ​​«Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.