COVID-19: Акыркы суткада бир бейтап каза болуп, 69 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 29-сентябрга карата коронавирустун 69 жаңы учуру катталды, 97 бейтап айыгып чыкты. Ал эми бир адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 38;
  • Чүй облусунда — 17;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Баткен облусунда — 1;
  • Ош облусу — 4.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 178 444кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 173 102 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 605 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 454 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 803.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 29-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 705 адам, ал эми экинчи дозасын 7 495 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.