Ош шаардык кеңештин жыйынында көз карандысыз юристтердин ипотекалык турак жайларды бөлүштүрүүчү комиссиянын курамында бир да депутат болбосун деген сунушу колдоо тапкан жок. Жаңы кабыл алынган жобо боюнча комиссияга алты депутат кирмей болду.
Юристтер эмнеге нааразы болушууда?
«Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын кызматкерлери жана көз карандысыз юристтер «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун» долбоорун изилдеп чыгышып, кемчиликтерди жана мыйзамдагы карама-каршылыктарды аныкташкан. Мындан улам юристтер аталган жобого 23 сунуш беришкен.
Юристтер ипотекалык үйлөрдү бөлүштүрүүчү комиссиянын курамында Ош шаардык кеңешинин алты депутатынын кириши «кызыкчылыктар кагылышына алып келет» деп билдиришкен. Анткени «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында шаардык кеңештин депутаты «аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө катыша албайт» деп көрсөтүлгөн дейт юристтер.
«Ошондой эле шаардык кеңештин функцияларынын бири бул аткаруу бийлигинин [Оштун мэриясынын] ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө. Жободо [ипотека берүүчү] комиссия мэрияга отчёт бере турганы көрсөтүлгөн, бирок бул комиссияга шаардык кеңештин депутаттары кирген — анда кантип мэрия өз ишмердүүлүгү боюнча алардын [депутаттардын] алдында отчёт берет? [...] Ошондуктан биз комиссиянын мүчөлүгүнөн жергиликтүү кеңештин өкүлдөрүн алып салууну сунуштайбыз» — деп жазылган «Интербилимдин» билдирүүсүндө.
Мындан сырткары, юристтер комиссиянын курамынан катчыны жана жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлүн да алып салууну сунуштаган. Анын ордуна комиссиянын 13 мүчөсүнүн 70%ы жарандык коомдун өкүлдөрү болушу керек дешкен.
Ош шаардык кеңеш эмне деп чечти?
Аталган жобонун долбоору Ош шаардык кеңештин 28-сентябрдагы отурумунда каралды. Анда депутат Хулькар Исамова Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы Кутманалы Абдырахман уулуна кайрылып, «Интербилимдин» сунуштары тууралуу пикирин сурады.
Ал эми Абдырахман уулу буга чейинки жободо комиссия 12 мүчөдөн турганын, анын ичинде «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү», башкача айтканда депутаттар да киргенин белгиледи.
Анын айтымында, эски жободо комиссияга кирген депутаттардын саны так аныкталган эмес, бирок адатта ал жерге алты депутат болгон. Буга байланыштуу жаңы жободо депутаттардын так санын көрсөтүп, алардын кызматын белгилешкен.
«Биз билгендей, элдин атынан бир гана депутат же президент сүйлөй алат, анткени алар шайланган кишилер. Бул маселени талкулоо керек, азыр талкуулап жатабыз. Моралдык жагы да бар: шаардык кеңеш отчёт алып, ошол эле учурда маселени чечүүдө катышып жүрөт», — деди Абдырахман уулу.
Отурумга катышкан «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева комиссиянын курамында «балансты сактоо үчүн» мэриянын бир өкүлү жана бир депутат жетет деген пикирин билдирди.
«Бул кызыкчылыктар кагылышы, анткени депутаттар аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө кийгилише албайт. Комиссиянын мүчөсү болуп калгандан кийин чечимдерди кабыл аласыңар, кол коёсуңар, түшүнөсүңөрбү? Кийин болсо [Ош шаардык кеңештин] отурумунда кол койгонуңар боюнча отчёт бере албайсыңар. Мен силерди туура эмес кадамдардан сактап калууну көздөп жатамын», — деди ал.
Анткен менен Ош шаардык кеңеш жактырган жобонун долбоорунда комиссиянын мүчөлүгү тууралуу маселе өзгөрүүсүз калды. Депутаттардан сырткары комиссиянын курамына Оштун вице-мэри, эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери, укук коргоо органдарынын өкүлү, жарандык коомдун өкүлү, өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү, массалык маалымат каражатттарынын өкүлү жана катчы кирет.
«Эми, үй бөлүштүрүү комиссиянын чечими келечекте көп суроолорду жаратат [...] Бир дагы депутат комиссияда болбосун, комиссияда басмырлуу көпчүлүгү эле аяр катмарлардын кызыкчылыгын коргогон, жөнөкөй адамдар болсун деген биздин сунуш колдоого алынбады», — деп отурумдан кийин Мамасалиева фейсбукка жазды.
Ошондой эле, жарандык активист «мен бул курамга “үч” деген баа бердим» деп белгилеп, Ош шаардык кеңешинин баракчасын белгилеп «депутаттарыңарга Турак жай кодексин жана башка мыйзамдарды окутуп койгулачы» деп суранды.
«Антпесе ушинтип 4 саат тартышып отура беришет келерки 4 жыл бою. Кээ бир депутат-юристтер болсо көз каратып мыйзамды бурмаланга да жетишти. Ой, тобо. Эскерте кетсек, депутаттардын арасында юридикалык факультеттин деканы, юрист-адвокат дегендер бар. Кээ бири мыйзам жөнүндө маалыматтары жок эле талаш жаратып жатышты. Уят! Кээ бири балык болуп отуруп беришти», — деп жазды ал.
Жободо дагы эмнелер өзгөргөн?
Жаңы кабыл алынган жободо ипотекага үйдү Ош шаарында каттоосу бар жана 5 жыл туруктуу жашаган тургундар ала алышат деп белгиленди. 2014-жылы кабыл алынган жоболордо турак жайды калаада каттоосу барлар ала берсе болмок.
Кутманалы Абдырахман уулунун айтымында, тургундардын Ош шаарында катталып турганы боюнча маалымкаттарды ипотекалык ишкана мамлекеттик ишканалардан өздөрү сурап алышат. Бул документтерди жасалмалоону алдын алуу максатында жасалат.
Ошондой эле, муниципалдык ипотека алууну көздөгөндөрдүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атында акыркы беш жылда кыймылсыз мүлк катталбашы кажет. Буга чейинки жободо мындай талап бир гана ипотека алып аткан кишиге коюлчу.
Жобого ылайык, Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы «бир үй-бүлөгө бир гана турак жай бере алат. Мурда деле ушундай болчу.
Ипотека алуу үчүн Оштун тургундары муниципалдык ипотекалык ишканасына арыз менен кайрылып, тиешелүү документтерди тиркейт. Ал эми мекеме аларды кезекке тургузат — ал үч түрдүү болот: «кезексиз», «биринчи кезек» жана «кезек боюнча».
*«Турак жай» кодексинин 44-беренесинде жетим балдар үйлөрдү кезексиз ала турганы көрсөтүлгөн. Алардан кийин «биринчи кезекте» Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана Советтер Союзунун ар кандай даражадагы сыйлык алгандар, Чернобыль АЭСинде кырсыгынынын кесепеттерин жоюуда иштегендер, өнөкөт оорулары жана майыптыгы барлар, көп балалуу же майыптыгы бар балдардын энелери, бузууга жаткан жана кулап кетүү коркунучу бар мамлекеттик же муниципалдык үйлөрдө жашагандар, ошондой эле кызмат маалында каза болгон аскерлердин үй-бүлөлөрү турат. Ал эми бул категорияларга кирбеген жарандар турак жайларды «кезек боюнча» алышат. Бул өзгөртүүлөр жаңы жобого юристтердин сунушу менен кирген.
Оштун муниципалдык ипотекалык ишканасынын маалыматына ылайык, учурда 1 737 киши ипотекага кезекте турат.
Анткен менен тургундар кезектен айрым учурларда чыгарылышы мүмкүн. Эгерде тургун Оштон башка аймакка көчүп кетсе, ипотека алганга чейин «төлөө жөндөмдүүлүгү же турак жайга муктаждыгы жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтарды берсе» же болбосо ипотека алууда ага кызмат адармдары тарабынан «мыйзамсыз» жардам көрсөтүлгөнү аныкталган болсо — алардын каттоосу жокко чыгарылат. Ошондой эле, арыз берүүчүлөр сот тарабынан эркинен ажыратылганда алардын кезеги жокко чыгарылат.
Мындан сырткары, Оштун муниципалдык ипотекалык ишканасы баштапкы төлөмдүн минималдуу наркын да төмөндөттү — эми ипотека алган тургундар турак жайдын 10%ын төлөп, 40%дык үстөк баа менен аны 12 жылдык мөөнөткө чейин ала алышат. Ошол эле учурда 20% баштапкы төлөм бергендерге 35%, ал эми 30% жана андан жогору баштапкы төлөм төлөгөндөргө 30% үстөк баа кошулат.
«Мисалы: жаран 1 млн сомдук батирди сатып алууну чечти. Эгерде жаран 10% баштапкы төлөм төлөсө, үстөк баа 40% түзөт, бул 360 000 сом. Жыйынтыгында жаран 100 000 сом (баштапкы төлөм катары) + 900 000 сом (калган карыз) + 360 000 сом (узартууүчүнүстөк баа) = 1 360 000 сом (12 жылда) төлөйт», — деп көрсөтүлгөн жободо.
Ошто 2010-жылда болгон «июнь коогалаңынан» кийин мамлекеттик бюджеттин эсебинен 1 391 батирлүү 42 көп кабаттуу үй салынып, күч органдарынын жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бөлүнүп берилген. Ал эми 2015-жылга карата салынган үйлөрдүн 361и Ош шаарынын мэриясына өткөрүлүп, кийинчерээк муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан Оштун тургундарына бериле баштаган.