Журналист Маратбек Акимбек уулу ОшТВнын жетекчиси болду

Маратбек Акимбек уулу

«Азаттык» үналгысынын мурдагы кабарчысы Маратбек Акимбек уулу ОшТВ мамлекеттик телеканалынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу «Т-Медиа» басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акимбек уулун жамаатка бүгүн, 29-сентябрда, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров тааныштырды.

Телеканалды буга чейин Керимбек Калыкулов жетектеп турган.

Ал эми Акимбек уулу акыркы жылдары «Азаттык» үналгысында аймактык кабарчы, «Т-Медиа» басылмасында журналист болуп иштеген.

ОшТВ телеканалы 1991-жылы Кыргызстандагы алгачкы жеке менчик телеканал болуп ачылган. Аны негиздеген ишкерХалилжан Худайбердиев Ош окуясынан кийин АКШга баш калкалап кеткен.

Кийин ал телеканалды Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов «куралчан адамдардын коштоосунда коркутуу аркылуу сатып алганын» айтып чыккан эле. Кийинчерээк телеканал Худайбердиевдин мүлкүн конфискациялоо жолу менен өкмөттүн карамагына өткөн.