Бишкек: Маршрутканын айдоочусу балалуу аялды коляскасы менен салбай койду

Бишкекте №203 маршрутканын айдоочусу балалуу аялды унаага салбай, орой мамиле жасаган. Бул тууралуу видео телеграм-каналдарда жана соцтүйүнгө тарады.

Чырдын чыгышына аялдын колундагы чакан коляска себеп болгон. Айдоочу «коляска үчүн дагы акча төлөйм» дегенине карабай эне-баланы салбай койгон.

Видеодон айдоочу аялды күч менен түртүп, эшикти жаап алууга аракет кылганын, ал эми энесин колунан жетелеген наристе ыйлап жатканын көрүүгө болот.

Кийин мэриядан коомдук транспортто алып жүргөн жүк 40 килограммдан ашып, көлөмү 50*60*100 болгон учурда гана акы төлөнөрүн белгилешти.

Sputnik басылмасынын маалыматына таянсак, окуя Ахунбаев жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде, саат 10:15 мүнөт өткөндө болгон.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кызматкерлер айдоочуну алып келүү үчүн кеткенин билдиришти. Борбор калаа мэриясы окуянын чоо-жайын териштирилип, айдоочу изделип жатканын кошумчалады.

Андан тышкары, муниципалитеттен Шаардык транспорт башкармалыгына саат 11:30га айдоочуга карата тиешелүү чара көрүү үчүн аталган маршрутту тейлеген «Бригадалар кеңеши» ЖЧКнын жетекчиси чакырылганын кабарлашты.

«Ишти карап чыккандан кийин дисциплинардык жазалоонун тиешелүү чаралары көрүлөт, айдоочу жумуштан бошотулушу дагы мүмкүн», — деп белгилешти мэриядан.