Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) укук коргоочу Валентина Чупикти Орусиядан Өзбекстанга департациялоого тыюу салды. Бери дегенде 17-октябрга чейин укук коргоочу Орусиянын аймагынан чыгарылбашы керек. Бул тууралуу адвокат Дарья Тренина фейсбук барагы аркылуу билдирди.
Тренина «Новая газетага» курган маегинда «Европа соту окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн Орусиянын өкмөтүнө бир катар суроолорду жолдогонун» айтып өттү.
«Чупикти өлкөдөн чыгарып салуу тууралуу конкреттүү документ азырынча жок. Бирок кирүүгө тыюу салынганы тууралуу билдирме тапшырылгандан кийин автоматтык түрдө даяр болорун билебиз[…] Өкмөт 17-октябрга чейин жооп бериши керек: өлкөдөн күчтөп чыгаруу боюнча чечим барбы же пландалып жатабы? Андан соң АУЕС №39* эрежесин узартат же жок — ал абалга жараша болот», — деп түшүндүрдү ал.
*№39 эрежеге ылайык, доо арыз Адам укуктары боюнча Европа сотунда каралганга чейин мамлекеттик органдарга адамдын ордун которууга тыюу салынган. Мурда орусиялык «Кыйноолорго каршы комитет» укук коргоочу уюму Валентина Чупик кармалып, Орусиянын аймагынан депортацияланышы мүмкүн экени жөнүндө АУЕСке чукул кайрылуу жолдогон. Уюмда Чупикти депортациялоо «анын өмүрүнө коркунуч жаратат деп эсептейт: мекенинде, Өзбекстанда аны кыйноолор жана бийлик тарабынан куугунтуктоолор күтөт».
Өзбекстан консулдугунун кызматкерлери келишкен
АУЕСтин чечими чыкканга чейин Өзбекстан консулдугунун кызматкерлери аэропорттогу атайын кармоочу жайга келип, өлкөдөн чыгаруу үчүн документтерди толтуруу максатында Валентина Чупикке жолукканы белгилүү болчу.
«Ал [Валентина Чупик] Өзбекстан консулдугунун кызматкерлери артка кайтаруу күбөлүгүнө сүрөткө тартуу үчүн келгенин кабарлаган», — деп билдирди «Новая газетага» укук коргоочунун жардамчысы Александр Ким.
Украинадагы баш калкалоо
Андан соң Чупиктин өкүлдөрү Украинанын ТИМне, Украинанын Орусиядагы элчилигине жана консулдугуна кайрылып, башпаанек сураганы белгилүү болгон. Ошондой эле өтүнүч укук коргоочунун апасынын атынан дагы берилген.
Россияга кирүүгө тыюу салуу жана депортациялоо
Валентина Чупик — укук коргоочу жана эмгек мигранттарына жардам берген коммерциялык эмес «Тонг Жахони» («Дүйнө таңы») уюмунун жетекчиси. Аталган уюм укук коргоо органдары тарабынан басымга же башка көйгөйлөргө кабылган мигранттарга бекер юридикалык жардам көрсөтөт.
Чупик — Өзбекстандын жараны. ЖМКлардын маалыматына караганда, ал Орусияга 2005-жылы келип, өлкөдө качкын катары жашап жүргөн.
25-сентябрга караган түнү Армениядан учуп келген Чупикти Шереметьево аэропортунан Орусиянын ФСБ (Федералдык коопсуздук кызматы) кызматкерлери кармап, депортациялоо үчүн атайын кармоочу жайга киргизген. Кармалганда ФСБнын кызматкерлери ага «качкын» макамынан ажыратуу тууралуу билдирме тапшырып, 2051-жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынганын билдиришкен.
Чупиктин «качкын» макамы жасалма документ пайдаланып жашап жүрүүгө шектелгендиктен алынган. Орусия бийлиги укук коргоочу «“качкын” макамын алууда атайылап жалган маалымат берген же жасалма документ көрсөткөн» деп эсептейт. Укук коргоочу айым бул айыптоолорго макул эмес жана «сандырак кеп» экенин белгилейт.
27-сентябрда укук коргоочунун Подольск шаарындагы дачалардын биринде жашаган апасынын үйү тинтүүгө алынган. Чупиктин өзүнүн айтымында, үйгө сегиз полиция кызматкери жана өзүн ФСБ полковниги деп тааныштырган жарандык кийимчен адам жулкунуп кирип келген.
«Ал үйдө 85 жаштагы апам жашайт, эртели-кеч кошунабыз кирип карап турат. Алар кирип келип апамдын документин талап кылыптыр. Үйдү тинтип чыгышкан. Мен бир мыйзамсыз нерсе ыргытып кетти деп чочулап жатам. Ким билет? Кыскасы, мени катталган дареги боюнча жашабайт деген протокол түзгүсү келип жатса керек. Мен тараптан мыйзам бузуу жок [...] Азыр мага миграциялык мыйзамды бузду деген айыпты илгени жатышат. Менин оюмча, бул өлкөдөн депортациялоого шылтоо табуу үчүн болгон аракет», — деп айтып берген ал 27-сентябрда «Озоди Радиосуна».
Укук коргоочунун кесиптештери анын өлкөдөн чыгарылышы — укук коргоо органдарынын өч алуусу деп эсептейт. Ал эми Чупик күч органдарынын кызматкерлери ага түз эле ошондой экенин айтканын белгилейт. Анын айтымында, ФСБнын кызматкерлери жеке сүйлөшүү учурунда бул «анын жүрүм-турумуна түздөн-түз байланышы бар экенин» айткан.
«Сиз биздин ИИМде системалуу коррупция бар экенин айткансыз, мигранттырдын кармалганы боюнча тынымсыз арызданып жүрдүңүз. Москванын, Санкт-Петербургдун, облустардын бардык полиция кызматкерлери сиздин үстүңүздөн арызданып жатышат. Биз эмне кыла алмак элек? Башкача кылуу мүмкүн эмес болду? Айла жок», — деп айткан күч органынын кызматкери укук коргоочуга.
Чупиктин айтымында, эгерде аны Өзбекстанга депортация кылышса, «бир жамандык болот». Аны мекенинде «дароо УКМКнын жер төлөсүнө камап салат» деп кооптонот.
«Эми мени өлтүрүп салат деп кесе айта албайм, бирок менин мүнөзүмдү эске алганда болушу деле мүмкүн. Мен жөн эле баш ийип, коркуп калганды билбейм да, ошондуктан мени кармап отуруу көп ресурсту талап кыларын түшүнгөндө токмоктоп коюушу мүмкүн. Бул деле жаман эмес. Мени көпкө чейин кармап, кыйноого алышса андан жаман болот. Ишенимдүү айта алам», — деп айтып берген ал.
«“Биз сени күтүп жатабыз, сени өзүбүз тосуп алабыз” деп кубанган коркутуулар келе баштады. Алар Өзбекстандын УКМК кызматкерлери болсо керек деп болжоп жатам», — деп айтып берген ал.
Укук коргоочунун айтымында Өзбекстандын бийлиги Орусиядан абдан эле көз каранды.
«УКМК ФСБнын “иниси” катары мени жок кылууга болгон күчүн жумшайт деген ойдомун», — дейт ал.