Акыркы суткада коронавирустун 72 жаңы учуру катталды

Иллюстрадивдик сүрөт

Кыргызстанда 2-октябрга карата коронавирустун 72 жаңы учуру катталып, 80 бейтап айыгып чыкты. Илдетке чалдыккандардын арасында каза болгондор жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 34;
  • Чүй облусунда — 18;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Нарын облусунда — 4;
  • Талас облусунда — 3;
  • Жалал-Абад облусунда — 2;
  • Ош облусунда —2.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 178 680ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 173 385 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 607 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 441 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 764.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 2-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 4 586 адам, ал эми экинчи дозасын 4 567 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.