Садыр Жапаров: Мындан ары шайлоолор болушунча таза өтөт

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 3-октябрда фейсбуктагы баракчасынан бир топ маселе боюнча кайрылуу жасады. Анын ичинде алдыдагы шайлоолор «таза өтөт» деп убадалап, элди добушун сатпоого чакырды.

«Мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат. Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек», — деди ал.

Ошондой эле президент «бул жолу парламентти люстрациядан өткөрүүгө элге шарт түзүп бердим» дейт.

Ал эл 36 депутатты бир мандаттуу округдан өз өкүлү катары шайлай алаарын, мындан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен тандаарын белгилеп өттү.

«Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим [...] Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер [...] Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы эл өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер», — деп жазды Жапаров.

Мындан сырткары ал «“эскилер кайра келе жатышат” деп чуу салгандар» бар экенин айтып, «каалабаган талапкерге добуш бербесеңер ал келбейт» деп билдирди. Ошондой эле «мындан ары талапкердин тизмедеги орду маанилүү болбойт» деп кошумчалады.

«Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок.

Ал заман артта калды [...] Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң», — деп сөзүн жыйынтыктады президент

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.