Кыргызстанда ысык суу менен жылытуу үчүн тариф жыл сайын кымбаттайт

Минкабдын башчысы Улукбек Марипов ысык суу менен жылытуунун жаңы тарифтери тууралуу токтомго кол койду.

Токтомго ылайык, Кыргызстанда жыл сайын ысык суу менен жылытуунун тарифин 10%га көтөрүү пландалууда. Тарифтерди көтөрүү 2022-жылдан тартып башталат.

Минкабдын токтому 2025-жылга чейин ылайыкталган.

Жылытуу үчүн тарифтер. 
Ысык суунун тарифи

«Орто мөөнөттүү тарифтик саясат орто мөөнөттүү мезгилде жылуулук энергиясына тарифтер менен наркын жабууга жетүүнү жана андан ары аларды жыл сайын өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциясынын дэңгээлине карата түзөтүп турууну болжолдойт», — деп айтылат документте.

Минкабдын пикиринде, мындай мамиле жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтерди акырындык менен алардын реалдуу наркына чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет, жыйынтыгында «жылуулук энергетика секторундагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын финансылык туруктуулугун» камсыз кылат.

Минкаб тарифтердин түрүн бир нече топко да бөлгөн:

  • калк;
  • өнөр жай;
  • бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган керектөөчүлөр);
  • башка керектөөчүлөр.

«Калк» тобуна киргендер: турак жай үйлөрү, батирлер, батир тибиндеги жатаканалар, коммерциялык эмес типтеги окуу жайлардын, мектеп-интернаттардын жатаканалары, аскерлештирилген мекемелердин гарнизондорунун казармалары жана жатаканалары, түзөтүүчү мекемелердин тергөө изоляторлору жана башка министрликтердин жана ведомстволордун турак жай зоналары.

Ал эми ысык сууга болгон тариф, тарифтик сеткага ылайык, жылына 14,1%га чейин 2025-жылга дейре жогорулайт. Өнөр жай үчүн тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлөт.

Буга чейин өлкө бийлиги электр энергиясына болгон тарифти жогорулатууну чечкен. Быйыл жаңы тариф бизнес менен өнөр жай секторуна гана тиешелүү болот. Бирок келерки жылдан тартып катардагы абоненттер үчүн да тарифтер өсөт: жылына 10%га.

Тарифтерди көтөрүү

Электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгуу керектигин 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин биринчилерден болуп президент Садыр Жапаров өзү айтып чыккан. 2021-жылдын апрелинде ал жаңы тарифтик торчону сунуштаган, бирок кийинчерээк энергетика министрлиги аны кайра карап чыккан.

Анда ведомство «Электр энергиясынын 2021-2025-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясаты» жөнүндө мыйзам долбоорун жарандар менен депутаттардан келген көптөгөн кайрылуулар боюнча кайра иштеп чыкканын кабарлаган.

Натыйжада министрлик катардагы жарандар үчүн тарифтерди азырынча көтөрбөй турууну чечкен.Ошол эле кезде бизнес-коомчулук дагы бир нече жолу бийликке кайрылып, ишкерлер үчүн электр энергиясына болгон тарифтик планды кайра карап чыгууну суранган. Анда жергиликтүү компаниялар айласыз жагдайга туш болуп калышы мүмкүндүгү белгиленген.

Андан тышкары, JIA бизнес-ассоциациясы жаңы долбоордо цемент чыгаруу өнөр жай субъектилери майнинг-фермаларга теңелип калганына тынчсызданган.