COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 69 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 5-октябрга карата коронавирустун 69 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду. Илдеттен 84 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 32;
  • Чүй облусунда — 21;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Жалал-Абад облусунда — 6;
  • Талас облусунда — 1;

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 178 852ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 173 622 киши вирустан айыкты. Пандемияда жалпы 2 610 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 451 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 684.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 5-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 4 437 адам, ал эми экинчи дозасын 4 833 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.