Парламент депутаттары «“КРнын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (финтех тууралуу мыйзам) чуулгандуу мыйзам долбоорун бир добуштан четке кагышты. Мындай чечим 6-октябрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Жыйында минкабдын жана Улуттук банктын өкүлдөрү мыйзам долбооруна карата алардын пикири өзгөрүүсүз калганын билдиришти. Алар дагы деле мыйзам долбооруна каршы.
Финтех жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси Саматбек Ибраев жыйынга катышкан жок.
Өз кезегинде эл өкүлү Чыңгыз Макешов Кыргызстандын экономикасы «алдыңкы технологияларды киргизгенде гана» тез жана сапаттуу өсөт деп билдирди.
Ал Улуттук банктын өкүлдөрүнө «демилгени өз колуна алып», Кыргызстандагы финтех-технологияларын өнүктүрүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу сунушу менен кайрылды.
Эмне болгон мыйзам долбоору?
Мыйзам долбоорунун автору — депутат Саматбек Ибраев. Кийин демилгечилердин катарына, ЖМКлардын маалыматына ылайык, 60ка чукул эл өкүлү кошулган. Мыйзам долбоору коомдук талкууга үстүбүздөгү жылдын 14-майында эле коюлган.
Авторлор мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде ал Кыргызстанда финтехтин (финансылык технологиялар) тез өнүгүшүнө багытталган деп белгилешет.
Бул салттуу финансы уюмдары менен атаандашуу үчүн технологияларды жана инновацияларды колдонгон компаниялар — финансы базарындагы банктар жана ортомчулар.
Мындай компанияларга технологиялык стартаптар да, жаӊы технологиялык чечимдердин негизинде көрсөтүлүүчү финансы кызматтарын жакшыртып жана оптималдаштырып турган ири уюмдар да кирет. Мыйзам долбоорунда сунушталган негизги жаңычылдыктар — финтех-компанияларга таандык алтынды Улуттук банктын сактагычында сактоо. Ошондой эле финтех-компаниялар үчүн уставдык капиталды мыйзам менен төмөндөтүү, аны банктардын уставдык капиталынан 3%дан жогору эмес кылуу (600 млн сом) сунушталган. Тактап айтканда ал 18 млн сомдон жогору эмес сумманы түзмөк.
Депутат Ибраев «Кыргызстанда финтехти киргизүү Бишкекти Борбор Азиядагы финансылык борборго айлантууга мүмкүндүк берет» деп билдирген.
«Бул өтө коркунучтуу»
Бирок Улуттук банктын экс-төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул демилге өлкөнүн банк системасын талкалап гана тим болбой, Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарын билдирген.
«Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө Улуттук банктын сактоочу жайын жеке компания колдонот деген прецедент жок. Экинчиден, Улуттук банк эсеп ачып жеке ишканаларды тейлеши керек деген мыйзам да дүйнөдө жок. Мунун баары Улуттук банк жана өлкө үчүн өтө кооптуу. Себеби жарнамада Улуттук банктын аты аталат», — деген Абдыгулов 29-сентябрдагы парламенттин жыйынында.
Абдыгуловдун айтымында, эгерде финтех-компаниялардын алтынын Улуттук банкта сактай турган болсок, мамлекеттик сырдын коопсуздугу менен сакталышында маселе жаралат.
Парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында мыйзам долбоорун Ибраевдин кесиптештери дагы сынга алышкан.
Аларды Ибраев мыйзам долбоорун жүрүм-туруму шек туудурган Фроловдун «Бай жана бактылуу Кыргызстан» концепциясына таянып жазганы бир катар депутаттарды ойго салган.
«Биздин депутат Саматбек Ибраев эки-үч айдан бери Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловдун тегерегинде аябай терс пиар-кампания жүргүздү. Айтпай койсом, болбойт. Ибраевдин жанында Орусиядан келген Фролов деген киши келип, үйүндө жашап жүрдү. Ал кишиге кандай маалымат бергени белгисиз. Фролов деген ким? Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети текшерсин, Орусияга суроо-талап жиберип, ал кандай максат менен Кыргызстанга келип, Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүргөнүн аныктасын.
Кыргызстан акыркы убакта абдан кыйын кырдаалда жашап жатат, бир гана Улуттук банк өзүнүн функционалдык милдеттерин толук аткарып, финансы тармагын туруктуу алып чыгып кетти. Эгер Кыргызстандын банк, каржы тармагы кыйрай баштаса депутат Ибраев күнөөлүү болот», — деген ошондо эл өкүлү Мурадыл Мадеминов.
Ошол жыйында бир катар депутат Ибраев сунуштап жаткан финтехти киргизүү Кыргызстанды акчанын изин жашырган өлкөгө айлантат деген кооптоонууларын айтышкан.