Ооганстандагы этникалык кыргыздарга гумжардам берилди

Президенттин басма сөз кызматы 5-октябрда Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.

«Памирлик кыргыздар үчүн — 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатылып алынган, бул үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Президенттик администрациядан түшүндүргөндөй, памирлик кыргыздар климаттык шарты катаал, бийик тоолуу аймакта жашайт жана кыш бул жерге эрте түшкөндүктөн азык-түлүк жөнөтүлдү.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи Памир тоолорунда жашашат.

Өкмөт 2017-жылдан тартып памирлик кыргыздарды тарыхый мекенине көчүрүп келүү боюнча чараларды көрө баштаган. Андан бери Кыргызстанга 33 памирлик кайтып келген. Өкмөт азыр да Памирдеги кыргыздар менен байланышты үзбөй жардам көрсөтүп келет.