«Клооп Медианын» Ош шаарындагы бюросу оператор-монтажёр вакансиясы үчүн бир айлык стажировкага эки киши издейт. Эгер сиздин бул жаатта тажрыйбаңыз бар болуп, дараметиңизди көрсөткүңүз келсе бул жарыя сиз үчүн.

Стажёрлор үчүн талаптар:

Сиз Adobe Premiere Pro, Photoshop монтаждоо программаларын жок дегенде базалык деңгээлде билишиңиз керек. After Effects жана Illustrator программаларын да билсеңиз сизге артыкчылык берилет.

Эгер документалдык тасма тартууда тажрыйбаңыз болсо кубанабыз. Алдыда мини документалдык тасмаларды тартуу планыбыз бар.

Ошондой эле кызыгууңуз күч болуп, жөндөмүңүз бар болсо айлана-чөйрөдөгү окуяларды баамдай билүүгө, темаларды табууга, өз алдынча жана команда менен иштөөгө, сайт жана коомдук тармактар үчүн видео тартып, монтаждап чыгарууга, түз эфирлерди чагылдырууга, видео материалдарды текст менен коштоп жазууга үйрөтөбүз.

«Клооп Медиа» кандай иштейт?

Биз өлкөдөгү кыргыз тилдүү журналистиканын өнүгүшүн каалайбыз жана ушул жаатта аракет кылып келебиз. Окурмандарга сапаттуу, бейтарап, тең салмактуу жана такталган маалыматтарды берүүгө умтулабыз.

Биздин ишибиздин артында дайыма коомдук кызыкчылык турат. Андыктан адам укугуна, гендердик тең салмактуулукка, билим алууга жана медициналык кызматтарды пайдаланууга болгон укукка, саясий өзгөрүүлөргө жана социалдык көйгөйлөргө байланыштуу темаларга басым жасайбыз. Ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн каражаттары кандай жумшалып жатканына да байкоо салабыз.

Маанилүүсү: оператор-монтажёрлукту жакшы өздөштүрсөңүз анда «Клооп» сизди жумушка алат!

Тандалып алынган стажёр менен маектешүү жүргөндөн кийин, айлык акысынын өлчөмү аныкталат, иш графиги жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берилет.

Билдирмени 31-октябрга чейин толтуруп жибериңиз. Эгерде сиз стажировкага өткөн болсоңуз биз сизге өзүбүз байланышабыз.

Кошумча суроолоруңуз болсо: +996558659465 (Megacom) номуруна чалып же elvira@kloop.kg электрондук дарегине кат жиберсеңиз болот.